Kloop.kgнин редакциясы өз командасына журналист издейт.
Талаптар:
- онлайн-ЖМКда иштөө тажрыйбасы;
- жазуу жана оозеки орус тилин жакшы билүү;
- өз алдынчалык;
- демилгелүүлүк;
- маалымат булактары менен иштей билүүсү — издөө, интервьюларды алуу;
- оперативдүүлүк;
- ынтызарлык;
- стресске туруктуулук;
- зарыл болгон учурларда шашылыш кырдаалдарда жана мөөнөтүнөн ашыкча иштөө мүмкүнчүлүгү.
Атаандаштык артыкчылыктары:
- англис тилин билүүсү;
- кыргыз тилин билүүсү;
- жеке байланыштар базасына ээ болуу;
- Вордпресс менен пайдалана билүүсү;
- графикалык редакторлор менен пайдалана билүүсү;
- видеомонтаж жасоо тажрыйбасына ээ болуусу;
- беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасынын болуусу.
Милдеттери:
- темаларды таап, редакция менен макулдашуу;
- маалымат булактары менен өз алдынча иштешүү жана интервьюларды алуу;
- өз алдынча жаңылыктар материлдарын жазуу;
- ар күнкү чогулуштарга катышып, темаларды сунуштоо;
- күнүнө үчтөн кем эмес материал чыгаруу;
- маанилүү окуялардан тексттик транслация жүргүзүү;
- зарыл учурларда кадрда болуп, видеоэфирлерди алып баруу;
- 24/7 бою байланышта болуу;
- сутканын кайсыл маалында болбосун маанилүү окуяларды чагылдырууга даяр болуу;
- дүйнөлүк маалымат каражаттарындагы тенденциялар менен жаңылыктарга көз салуу.
Айлык акы: аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча.
Бош орунга кантип билдирме жиберүү керек:
- Төмөн жактагы байланыш формасын толтуруңуздар
- Өз резюмеңизди тиркеңиз
- Өз эмгектериңиздин үлгүлөрүн тиркеңиз.