«Органдарга сатуу» максатында Кыргызстандан эки жетим баланын уурдалгандыгы тууралуу сюжет «Россия» телеканалында көрсөтүлгөнжурналисттердин айтымдарында, балдарды Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин дипломаттары сактап калышкан. ИИМ азырынча бул боюнча кылмыш иши козголо электигин билдирүүдө.

Милиция «Россия» телеканалындагы сюжеттин каармандары болушкан балдардын Кыргызстандан уурдалып, аларды сатуу аракети болгондугу фактысын текшерип жатат. «АКИпресс» маалымат агенттиги ИИМдеги булактарына шилтеме жасоо менен азырынча балдарды уурдоо жана аларды сатуу аракеттери боюнча кылмыш иши козголо электигин билдирди.

Kloop.kgнин укук коргоо органдарындагы булактары да кылмыш иши козголо электигин билдиришти. Учурда кыргыз милициясы «Россия» телеканалынан көрсөтүлгөн сюжеттеги маалыматтарды текшерип жатат.

«Алардын Новосибирскте болуп калгандыктары чындык. А калгандарын текшерип жатабыз. Элчилик эс алууда болгондуктан азыр биз алардан эч кандай түшүндүрмө ала албайбыз», — деп билдиришти укук коргоо органдарынан Kloop.kgге.

Орусиялык журналисттердин сюжети 4-январда көрсөтүлгөн — анда «жергиликтүү лөлүлөр» кыргызстандык балдарды «адам органдары менен соодалашкандарга сатууга» аракет кылгандыктары айтылган.

Сюжетке ылайык, Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинин кызматкерлери «балдардын сатылышына» жол бербөө үчүн аларды өлкөдөн чыгарып, апасы катталган Новосибирск шаарына алып барышкан.

Сюжетте элчиликтин вице-консулу Анастасия Антонова апасы каза болгондон кийин «балдарды өгөй атасы лөлүлөргө саткандыгын», өз кезегинде алар балдарды «адам органдары менен соодалашкандарга сатуу» үчүн Кыргызстандан чыгарып кетүүгө аракет кылгандыктарын билдирген.

Видеого ылайык, консулдук кызматтын өкүлдөрү бир нече күн балдарга орус паспортун даярдашкан. Азыр алар апасы катталган Новосибирск шаарында.

Орусиянын Кыргызстандагы элчиси Андрей Крутьконун айтымында, орусиялык дипломаттарга телефон аркылуу балдардын Бишкектин четинде кайыр сурап жүргөндүктөрү тууралуу билдиришкен.

«Беш жаштагы баланын абалы абдан начар болгон жана [балдарга] кечиктирилбестен медициналык жардам көрсөтүлгөн», — деген элчи.

Орусиянын Кыргызстандагы элчилигинен бул боюнча түшүндүрмө алууга мүмкүн болгон жок — мекеменин кызматкерлери январдын ортосуна чейин эмгек өргүүсүндө.