Орусия президенти Украинадан Казакстанга, демек Кыргызстанга да жүктөр Беларусь Республикасы аркылуу гана өтө турган жарлыкка кол койду.

Документ Орусиянын укуктук маалыматтарынын расмий интернет-порталында жеткиликтүү.

Жарлыкта «Орусиянын аймагы аркылуу Украинадан Казакстанга эл аралык автоунаа жана темир жол менен жүк ташуу Беларусь Республикасынын аймагы аркылуу гана ишке ашырыла тургандыгы» жазылган.

Аны менен катар транзит аны аткара турган транспорт каражаты жүк ташууга ылайыкталган жана GPS — ГЛОНАССтын орусиялык аналогу, навигациялык спутник системасынын глобалдык технологиясы менен жабдылган шартта гана ишке ашырылышы мүмкүндүгү көрсөтүлгөн.

Орусиянын «РБК» порталы Украинанын Экономикалык өнүгүү жана соода министрлигине шилтеме жасап, 4-январга карата «Орусия Украинадан келген жүктөрдү өз аймагы аркылуу өткөрүүнү толук токтоткондугу» тууралуу билдирүү чыгарды.

Украин министрлиги бул тыюу салууну «ачык эмес, негизсиз жана басмырлоочу мүнөзгө ээ» тыюу деп атады. Ошол эле билдирүүдө Украинанын Инфраструктура министрлигине «альтернативдүү каттамдарды» иштеп чыгуу тапшырылганы жазылган.

Жүк ташуу менен алектенген жергиликтүү компаниялардын маалыматтары боюнча, негизинен Украинадан тоңдурулган тоок эттери, чипсилер, кондитер азыктары, түрдүү жабдуулар жана бир аз сандагы коюлтулган сүт алынып келинет.

«Глоботранс» ЖЧКсынын өкүлү  Владимир «товарлар Беларусь аркылуу алынып келинип, ал сөзсүз түрдө бааларды кымбаттата тургандыгын» айтты.

Жүк ташуучу «ВВП Транс» компаниясынын өкүлүнүн айтымында, уюм бир жылдан бери саясий абалды эске алып, украин товарларын ташуу менен алектенбей калган.

«Биз принципиалдык түрдө украин товарларын ташыбайбыз. Ал жакка унааларды да жөнөтпөй жатабыз. Украин товарларын бир жыл мурда эле ташыбай калганбыз. Биз Орусия үчүнбүз. Бул биздин компаниянын позициясы», - деди ал.

Логистикалык компаниянын белгисиз бойдон калууну каалаган кызматкери каттам Орусия Федерациясынын президентинин жарлыгына ылайык өзгөрөрүн белгиледи — Украинадан товарларды Беларуска, ал жактан — Орусияга, андан кийин гана Казакстанга жөнөтүшөт.

«Албетте, мунун баары товар жеткирүүчүлөрдүн эсебинен аткарылып, транзиттин кымбатташына алып келет да жыйынтыгында ал товардын баасына таасир этет. Андан сырткары кандайдыр бир кагаздарды кошушат, ал кагаздардын зарылдыгы бааларга таасир этет. Орусия товарларды толугу менен тоскон жок, ал жөн гана адамдар украин товарларын алуудан өздөрү эле баш тарткыдай кылып ал процессти толугу менен оорлотуп койду», - деди ал.

Макала жаңыланат...