«Фарадей Фьючер» компаниясы жыл сайын өтүүчү CES көргөзмөсүндө ээсинин каалоосуна жараша сырткы көрүнүшүн же техникалык мүнөздөмөлөрүн өзгөртө ала турган электромобили менен тааныштырды.

«Фарадей Фьючер» жыл сайын өтүүчү Электроника кардарларынын эл аралык көргөзмөсүндө (CES) FFZERO1 концепт-унаасын көрсөттү.

Электромобиль ээсинин каалоосуна жараша өзгөрүү мүмкүндүгү бар платформанын негизинде жасалган — анда дээрлик бардык нерсесин өзгөртүүгө болот: катуу соккудан коргоочу жумшарткычтар менен кыймылдаткычынан тарта сырткы көрүнүшү менен батареяларынын санына чейин.

Сунушталган FFZERO1 концепт-унаасы миң аттын күчү бар төрт ядролуу моторго ээ. Бул ага саатына 100 чакырым ылдамдыкка чейин 3 секунддун ичинде күүлөнүүгө мүмкүндүк берет, эң жогорку ылдамдыгы — саатына 322 чакырым.

DSC00075

Концепт-унаа сырткы чөйрөдөн негизги белгилерди кабыл алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болгон көптөгөн билгизгичтер менен жабдылган.

Автоунаа аба ырайы жана траффик сыяктуу сыртта болуп жаткан нерселер тууралуу маалыматтарды чогултат шекилдүү. Андагы маалыматтардын бардыгын тең смартфонуңардын бетине чыгарууга мүмкүн.

123444

«Фарадей Фьючердин» артыкчылыгы анын өндүргөн нерселеринин экологиялуулугунда. Teslaнын эң башкы атаандашы деп аталган бул компания өзүнө BMW, Jaguar, Apple жана албетте Teslaнын өзүнүн кызматкерлерин тарта алды.

Стартап модулдук автоунаа чыгаруу үчүн болжол менен кытайлык интернет алп LeTV компаниясынан миллиард долларлык инвестиция тарткан.

«Фарадей Фьючердин» пландарына ылайык, компаниянын алгачкы автоунаасы конвейерден 2016-жылы чыгышы керек.

Электроника кардарларынын эл аралык көргөзмөсү CES — жыл сайын январда АКШнын Невада штатындагы Лас-Вегас шаарында өтчү көргөзмө. Алгачкы CES көргөзмө 1967-жылдын июнунда Нью-Йоркто өткөн.

Дал ошол көргөзмөдө CD аудио форматы, планшет компьютерлер, видеокамера жана биз күн сайын үйдө жана жумушта көрүп көнүп калган башка электроника түрлөрү тааныштырылган.