Эл аралык футбол федерациясынын (ФИФА) рейтингиндеги 209 команданын ичинен 107-орун — бул команданын тарыхындагы эң мыкты көрсөткүч.

Футбол боюнча кыргыз улуттук курамасы ФИФАнын декабрдагы рейтингинде бир баскычка көтөрүлүп, азыр 209 команданын ичинен 107-орунду ээлеп турат — бул тууралуу Эл аралык футбол федерациясынын сайтында жазылган.

Кыргызстан өткөн жылдын декабрында бир дагы расмий беттеш өткөргөн эмес. Бирок ал Түндүк Кореянын футбол командасы 105-орунду кармап тура албай, 113-орунга түшүп калгандыктан улам рейтингде жогорулаган.

Азыр Кыргызстан 106-орунда турган Малави Республикасы менен 108-орундагы Зимбабвенин ортосунда жайгашкан.

Рейтинг эми 4-февралда жаңыланат.

Ноябрдагы рейтингинде кыргыз курамасы 2006-жылдагы рекордун (119-орун) жаңыртып, 124-орундан 108-орунга чейин жогорулаган болчу.

Кыргыз курамасынын андай жетишкендигине анын 2018-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионатка тандап алуу беттештеринин алкагында Иордания курамасынын үстүнөн жеңишке жетиши себеп болгон.

Бүткүл дүйнөлүк футбол күнүнө карата ФИФА кыргыз курамасына редакциялык макала арнап, анда Кыргызстандын улуттук командасынын жетишкендиктерин белгилеген.

«Кыргыз курамасы глобалдуу рейтингде 2018-жылда өтчү дүйнөлүк чемпионаттын тандап алуу бөлүгүнүн алгачкы беттешиндеги укмуштуудай жеңишинен кийин жогору көтөрүлө баштаган — июндагы ал оюнда Бангладеш 1:3 эсебинде жеңилүү ызаасын тарткан», — деп жазылган макалада.

Гардиан британ гезити улуттук кураманын жетишкендиктери үчүн чет өлкөлүк клубдарда ойногон оюнчуларга басым жасаган башкы машыктыруучу Александр Крестининге ыраазычылык билдирүү керек деп эсептейт.