Кинотасмалар менен сериалдарды онлайн көрүү мүмкүндүгүн берген Netflix сервиси 130 өлкөдө, анын ичинде Кыргызстанда да иштей баштады. Аны колдонуунун алгачкы айы бекер болот, бирок интерфейс тили менен мазмундук үн коштоосу англис тилинде.

Netflix компаниясынын башкы редактору Рид Хастингс Лас-Вегастагы CES 2016 көргөзмөсүндө кинотасмалар менен сериалдарды онлайн көрүү үчүн стриминг сервиси 130 өлкөдө иштей баштай тургандыгын билдирген. Ал тизменин арасында Кыргызстан да бар болуп чыкты.

Netflix сервисин пайдалануунун алгачкы айы бекер болот, бирок кийинки айлардан тарта трафикке жараша 8ден 12 еврого чейин төлөөгө туура келет. Бирок ошол эле көргөзмөнүн жүрүшүндө Netflix сервиске жазылууну кыйла жеткиликтүү жана арзан кылуу үчүн быйыл LG менен бириге тургандыгы жарыяланган. Анткен менен азырынча ал пландын кандай жол менен ишке ашырылары түшүнүксүз бойдон калууда.

Күн мурун Netflix Кытай (бийлик менен макулдашууга келүү мүмкүн болгон эмес), Түндүк Корея, Сирия жана Крымдан (бул өлкөлөрдө компаниянын америкалык мыйзамдар менен иштөөсүнө тыюу салынган) башка дүйнөнүн дээрлик бардык өлкөсүндө иштей баштады.

Netflix сервиси тарабынан тартылган «Карточный домик» сериалы
Netflix сервиси тарабынан тартылган «Карточный домик» сериалы

Андан сырткары бир катар өлкөлөрдө Netflixтин «Карточный домик» жана «Оранжевый — хит сезона» сыяктуу сериалдарын көрүүдө чектөөлөр болушу ыктымал, анткени жергиликтүү телеканалдар буга чейин аларды көрсөтүү укуктарын сатып алган болушу мүмкүн. Сервис ошондой эле 2016-жыл оригиналдуу контентке бай болорун убадалоодо: жыл ичинде 31 жаңы сериал жана буга чейин иштеп жаткан долбоорлордун жаңы сезондору чыгат.

Андан сырткары компания өкүлдөрү бардык өлкөлөрдө тең контент бирдей болот деп убада бере албай тургандыктарын билдиришти. Айрым кинотасмалар менен сериалдар белгилүү бир өлкөлөрдө цензурага алынышы мүмкүн. «Мен көңүл ачуучу компаниялар кээ бир учурларда ымалага келип, шарттарга көнүүсү зарыл деп ойлойм», — деп билдирди Netflixтин башкы директору цензура тууралуу айтып жатып.

Netflixте интерфейс менен үн коштоолор англис тилинде болот. Бирок сервистин базасында КМШ өлкөлөрүндө тартылган орус тилиндеги тасмалар да бар.

Netflix сервиси кеңейүү пландары тууралуу өткөн жылдын башында эле жарыялаган. Компания өкүлдөрү ошондо эле сервис 2016-жылы Орусияда иштей баштай тургандыгын билдиришкен.

Netflix — бул кинотасмалар менен сериалдарды онлайн көрүү мүмкүндүгүн берген интернет-сервис. Азыркы тапта сервиске дээрлик 70 миллион колдонуучу жазылган. Netflix өзүн НВО сыяктуу америкалык кабелдик каналдардын атаандашы катары көрсөтүп келгендиги менен белгилүү. Сервис Штаттардагы көптөгөн телеканалдардай эле оригиналдуу сериалдарды тартат: алардын арасында Кевин Спейсинин катышуусундагы «Карточный домик» жана Пабло Эскобаренин катышуусундагы «Нарко» деген сериалдары бар.