Бишкекте бир ай мурда ачылган Владимир чиркөөсүндө православдардын башкы майрамдарынын бири болгон Рождествого арналган алгачкы сыйынуу болуп өттү.

Бишкектеги православдар 6-январь күнү кечинде Рождествону майрамдоого арналган Владимир чиркөөсүндөгү сыйынууга чогулушту.

Рождество — Иса пайгамбардын туулган күнүнө карата белгиленген христиандардын башкы майрамдарынын бири.

Орус проваслав чиркөөсү аны 7-январда («эски стиль» — Юлиан жылсанагы боюнча 25-декабрь) белгилейт.

Рим-католик чиркөөсү менен протестанттык чиркөөлөрдүн көпчүлүгү Рождествону азыркы — Григориан жылсанагы боюнча 25-декабрда майрамдашат.

Бишкектеги жаңы Владимир чиркөөсү 10-декабрда ачылган. Ага чейин ал 20 жыл бою чиркөөгө келгендердин кайыр-садага таштаган акчаларына курулуп келген.

Чиркөөгө 988-жылы православ христиан динин орустардын мамлекеттик дини катары тандаган князь Владимирдин аты ыйгарылган.

Рождество кызматын Бишкектин жана Кыргызстандын Епархиясынын епискобу Даниил жүргүздү.

Christmas16-17

Christmas16-18

Christmas16-19

Christmas16-20

Christmas16-21

Christmas16-22

Christmas16-23

Christmas16-25

Christmas16-26

Christmas16-31

Christmas16-34

Christmas16-36