Полад Сулайманов сейрек кездешүүчү жана экзотикалык жаныбарларды дарылоо менен алектенет. Анын хоббиси бар — ал элдик музыкалык аспаптардын коллекциясын чогултат.

Сулаймановдун клиникасы үй жаныбарларын, негизинен мышыктар менен иттерди дарылоого адистешкен. Бирок ветеринардын өзү Алматы зоопаркындагы мастер-класстарга катышкандан кийин экзотикалык жаныбарлар менен көп иштеп баштаган.

«Мага алып келип жаткан жаныбарлардын көбүн мен буга чейин теледен же сүрөттөрдөн гана көргөм. Аларды тирүү көрүү — бул өзүнчө эле укмуш. Мага азыр карышкыр, эчкемер, талаа ташбакасы, суур же кирпи өңдүү жапайы жаныбарларды алып келгендиктери таң калычтуу деле болбой калды», — деп билдирди Сулайманов.

Доктурга жырткыч канаттууларды да алып келип турушат. Сулаймановдун ителгиге жардам берип жатканына күбө болуп Kloop.kgнин кабарчыларынын жолу болду — канаттууну оң таманындагы жараты менен алып келишкен.

dz00000013

Ветеринардын хоббиси да бир башкача — ал элдик музыкалык аспаптарды коллекция кылып жыйнап, аларда ойной да билет. Анда темир комуздун жана анын дүйнөнүн ар бурчунан алынып келинген аналогдорунун анча чоң эмес коллекциясы бар.

«[Темир комуздардын] үнү жасалган аймагына жараша айырмаланып турушат», — деди Сулайманов Kloop.kgнин кабарчыларына аспаптын түрдүү түрлөрүн көрсөтүп жатып.

Аны менен катар мал доктур бамбуктан флейта жасап, өзүн музыкалык аспап жаратууда сынап көргөн.

«Бамбук түгөнгөндөн кийин анын ордуна колго кадимки эле суу түтүгүн алгам», — деди ал даяр болгон аспабын көрсөтүп жатып.

Сулайманов индеец музыканттардын технологиясын карап көргөн соң пластик түтүгүнөн толук кандуу музыкалык аспап жасаган.

Видео: Тилек Бейшеналы уулу
Сүрөт: Яна Чуркина