8-январь күнү кечинде Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарында ок атышуу болуп, анын жүрүшүндө бир киши жаракат алды. Учурда милиция окуяга шектүүлөрдү издеп жатат.

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы окуя 8-январь күнү кечки саат 5те, Кыргызстандын түштүгүндө жайгашкан Кызыл-Кыя шаарында болгонун билдирди.

Ок атышуу Асаналиев жана Жаштык көчөлөрүнүн кесилишиндеги «БТА» банкынын жергиликтүү өкүлчүлүгүнүн жанында болгон.

Милициянын шаардык бөлүмүнөн Kloop.kgнин кабарчысына ок атышуу фактысын ырасташты.

Ок атышуу маалында бир киши — Өрнөк айылынын жашоочусу Кабылды Абылкасым уулу жаракат алган. Ал оор абалда жергиликтүү ооруканага жеткирилди.

Облустук милициянын версиясы боюнча, биринчи Кызыл-Кыянын жашоочусу Азамат Пахиров ок чыгарган — ИИБдин билдирүүсүндө жазылгандай, ал белгисиз себептерден улам Абылкасым уулун бир нече жолу атып жиберген.

Милиция кызматкерлери атышуу болгон жерден алты гильза жана Макаров үлгүсүндөгү тапанчанын бир огун табышкан. Учурда укук коргоо органдары Пахировду колго түшүрүү боюнча атайын топ түздү.

«Азаттык» радиосунун веб-сайты ок атышууга көмүр сатуудагы чатак себеп болгон болушу мүмкүндүгүн жазды.