Чемичке чагып, анын кабыктарын сейил багына таштап жаткан кыз тартылган видео кырнетте чоң талкуу жаратты. Өзгөчө анын реакциясы колдонуучулардын кыжырын келтирген — кыз ал калтырган чемичке кабыктарын мамлекет тазалашы керектигин айткан.

Ал видео 8-январда «Билайв» шэринг порталына жарыяланган — анда активист сейил багында чемичке чагып жаткан эки кызды видеого тартып, аларды уяткарууга аракет кылгандыгы көрсөтүлгөн.

Кыздардын бири алар калтырган таштандыны шаардык кызмат тазалашы керектигин, анткени мамлекет аларга акча төлөп жаткандыгын айткан.

«Сейил бактар аларды булгаш үчүн да. Ал жактарды мамлекет тазалашы керек», — деген ал.

Кыздын дал ушул айткандары социалдык түйүндөрдүн кыргыз сегментинде кыжырданууларды жараткан — алар кызды айыпташып, ага «Шелуха» деген каймана ат ыйгарышкан.

«Чочколор! Бир нече күн көчө шыпырып иштеп көрүшсө көрөт элем», — деп нааразычылыгын билдирген Жазира Сейталиева аттуу колдонуучу.

«Үй-бүлөдөгү тарбия анча маанилүү эмес, мектеп менен бала бакчада тарбиялоо керек деп айтпагыла. Үй-бүлөдө айтылбаса кайдан, майнап чыкпайт да. Балдар ата-энесин үлгү тутуп, алардын кылык-жоругун, баскан-турганын, сөздөрүн кайталашат», — деп эсептейт Татьяна Галич.

Колдонуучулардын арасында кыздарга болушкандар да бар болду:

«Адамдар! Айыптабоо керек, жөн гана өзүбүз баарын туура кылып баштообуз керек. Бул чемичкелерди аз эле акчага тазалап иштеген адамдардын эмгегин баалабаган бул сыяктуулар бизде абдан көп. Болгону биздин эл шаарыбызды баалап, биргеликте бир нерсе кылып баштоосу керек. А бул кыздарды жашоо өзү жазалайт», — деп жазган Тилек Маратов аттуу колдонуучу.

«Кудай ай, адамдар, силер эмнеге мынча каардуусуңар? Шыпыргы алып барып тазалап койгула. Силер өмүрүңөрдө көчөгө кичинекей бир нерсе таштаган эмес белеңер???» , — деп жазган Facebookтун Sima Sh деген колдонуучусу видеонун төмөн жагына.

Коомдун күзгүсү

Колумнист Данияр Айтман «Азаттык» радиосунун сайтына макала жарыялап, чемичке чаккан кыздарды коомдун «күзгүсү» деп атаган.

«Алардан өзүбүздүн кемчиликтерибиз менен жүрүш-турушубузду көргөндүктөн улам баарыбыз тең каарданып баштаган жокпузбу? Мына, биз жалкоо жана кайдыгербиз, бизди курчап турган башаламандыктардын себеби ушунда», — деп жазды ал.

Анын пикиринде, кыздын айткардары коомдук жашоону ууландырып жаткан адамзаттын эң начар кемчиликтерин — уятсыздык, инфантилдүүлүк жана жоопкерсиздикти чагылдыргандай.

«Бирок мен ал кыздарды жактагым келип турат. Эгер бир терезедеги сынган айнекти алмаштырбаса, анда көп өтпөй үйдөгү бардык айнектер сынат деген «сынган терезелер теориясы» бар. Эгер Бишкекти (же жалпы эле Кыргызстанды) ал үй менен салыштырсак, анда андагы бардык айнектер эбак эле сынып, суук шамал уруп турат деп айтууга болот», — деп жазган Айтман.

Ал «чемичке чаккан» андай кыздар — көп жана ар бир кыргызстандык кандайдыр бир деңгээлде аларга окшош, андай эмес болсо «шаар менен өлкө азыркыдай абалда болмок эмес» деп эсептейт.

Айтмандын пикиринде, ал кыз «Кыргызстандын жашоочуларынын көбүнүн өлкөгө болгон мамилесин көрсөткөн идеалдуу формуланы» алып чыккан:

«Сейил бактар аларды булгаш үчүн да. Ал жактарды мамлекет тазалашы керек».

«Жол эрежелери аларды бузуш үчүн, жөө адамдар аларды сүзүп кетүү үчүн, көл заара ушатуу үчүн, илбирстер аларды өлтүрүү үчүн, балдар аларды таштап кетүү үчүн, аялдар аларды сабоо үчүн», — деп жазган автор.

«Бюджет — андан акча уурдоо үчүн. Мамкызмат — пара алуу үчүн. Бизнес — уурдалгандарды жууп тазалоо үчүн. Ооруканалар — ал жактарда өлүү үчүн. Мектептер — келесоолук кылуу үчүн. Мыйзамдар — укуктарды тебелөө үчүн. Милиция — талаш-тартыштарды чечүү үчүн. Депутаттар — акмактын ишин кылуу үчүн. Эл — ага чыккынчылык кылуу үчүн. Ата мекен — аны сатуу үчүн», — деп уланткан ал.