Чучукту жылкынын жыныстык мүчөсүнө салыштыргандыгы үчүн Кыргызстандан депортацияланган Майкл Макфит «Сандэй Пост» гезитине маек куруп, «Фэйсбуктагы» билдирүүсүнөн улам кандай куугунтуктоолорго кабылганы тууралуу айтып берген.
Макфит «Сандэй Пост» гезитине курган маегинде анын депортацияланышынын расмий себеби документиндеги көйгөйлөр болбогондугун, ал «жергиликтүү тургундарды тынчтандыруу үчүн ойлонуп табылган калп экенин» билдирди.
Ал аны милицияда кантип суракка алып, «улуттар аралык кастыкты козутуу» үчүн беш жылга эркинен ажыртыла тургандыгын айтып коркуткандыктарын билдирген.
Британиялыктын айтымында, милициядан ага социалдык түйүндөгү чучукту жылкынын жыныстык мүчөсүнө салыштырган анын билдирүүсү «Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосунда согуш чыгарышы мүмкүндүгүн» айтышкан.
Ал «Фэйсбуктагы» билдирүүсү тамаша болбогондугун айткан — британиялык чынында эле чучук — бул жылкынын жыныстык мүчөсү деп ойлогон.
Макфит Кыргызстандан 5-январда депортацияланган.
Төмөндө «Сандэй Посттогу» макаланын ыңгайлашкан котормосу. Түп нускасы шилтемеде көрсөтүлгөн даректе жарыяланган, автору: Ник Уайт. Которгон: Эльдияр Арыкбаев.
Коопсуз жай издөө
«Фэйсбукка» билдирүү жарыялангандан кийин Макфитти жетекчилери чакырып, анын жазгандары кесиптештеринин нааразычылыгын жаратканын айткан — учурда жүздөгөн нааразы болгондор британиялыкты издеп жүрүшөт, ошондуктан аны коопсуз жайга жеткирүү зарыл.
Макфиттин айтымында, ага жумушчу ордунан качууга туура келген — аны улуттук тамакты жылкынын жыныстык мүчөсүнө салыштыргандыгы үчүн кыжырданган кесиптештеринен жашыруу үчүн «Кумтөр» алтын өндүрүү компаниясы аракет көргөн.
Алгач ал төрт саат бою тез жардам унаасында жашырынып жаткан, андан соң аны эки жансакчы менен джип унаасына отургузушуп, Бишкекти көздөй жөнөтүшкөн.
Бирок Макфиттин айтымында, Балыкчыга жакындап калганда жергиликтүү тургундардын эки унаасы джиптин артынан түшүп, унааны жолдон чыгарууга аракет кылышкан.
«Алар бизди өлтүрүүгө аракет кылып, унаа менен сүзүп жатышты. Анан биз токтодук, ал унаалардан колдоруна бирдеме кармаган беш киши чыкты. Мен алардын курал, бычак же таяктар болгонун ишенимдүү айта албайм. Мен джиптин багажына жашырынып алгам», — деп билдирген Макфит «Сандэй Постко» курган маегинде.
Джиптин айдоочусу унааны артка кайрып, ал белгисиз адамдардан кетип калган, бирок эки унаа кайрадан джиптин артынан түшүп Балыкчыны аралап кууп жүрүшкөн. Ошондо жансакчылар өз өмүрлөрүнөн тынчсызданышып, Макфитти унаадан түшүрүп кетишкен.
«Мен куткарыла турганымды, же мени өлүмгө таштап кеткендиктерин билген жокмун. Мен ал жактан кете албай калдым деп ойлогом. Мен бетимди рюгзак менен жаап, дубалдын маңдайына жатып алгам. Унаалар өткөн сайын мени эч ким көрбөйт деп үмүттөнгөм», — деп билдирген ал.
45 мүнөттөн кийин Макфит «Кумтөрдүн» өкүлдөрүнөн билдирүү алган, алар анын кайсыл жакта экенин сурашкан — алар британиялыкты куткаруу үчүн жардам жөнөткөндүктөрүн билдиришкен.
Макфит «Кумтөр» жөнөткөн куткаруучуларды таап, алар аны Бишкектеги «Манас» аба майданынан алыс эмес жайгашкан мейманканалардын бирине жеткиришкен. Ага үйүнө кетүүгө билет алып беришип, ал каттамды күтүп баштаган.
«Улуу Британия менен согуш чыгарышы мүмкүн»
Бирок Макфит аба майданга келгенде төмөн жагына издөөдө экендиги жазылган өзүнүн чоң сүрөтүн көргөн — паспорт көзөмөлүнөн британдык дароо эле кармалган.
Макфиттин айтымында, милиция бөлүмүнөн аны бир нече саат суракка алышып, ал «улуттар аралык кастыкты козуткандыгы» үчүн кармалганын айтышкан.
Андан соң британиялыкты куралдуу кайтаруунун коштоосунда Караколдогу милиция бөлүмүнө жеткиришкен. Ал жактан ага социалдык түйүндөгү билдирүүсү «Кыргызстан менен Улуу Британиянын ортосунда согуш чыгарышы» мүмкүндүгүн билдиришкен.
Макфит милиционерлерге эч кимди капа кылгысы келбегендигин түшүндүрүүгө аракет кылган — ал чынында эле чучукту жылкынын жыныстык мүчөсү деп ойлогон. Ал жактан аны видеого тартышып, ал салыштыруусу үчүн кечирим суроого мажбурлашкан.
Андан соң Макфиттин иши сотто каралып, анын Кыргызстанга беш жыл кирүүсүнө тыюу салынып, аны өлкөдөн департациялоо өкүмү чыгарылган.
«Мен башка өлкөдө, анда укук системасы иштей тургандыгын таптакыр түшүнбөй жүргөм. Мага абдан оор болду, анткени менин котормочум англис тилин жарытылуу деле билчү эмес. Мен болгону «Фэйсбук» жана «Шотландия» деген гана сөздөрдү түшүндүм», — деп айткан ал.
Британиялык документиндеги көйгөйлөрдөн улам депортациялангандыгы тууралуу Кыргызстандын бийлигинин расмий билдирүүсүн четке какты — анын айтымында, ал жергиликтүү жашоочуларды тынчытуу үчүн ойдон чыгарылган калп.
«Мага мени соттоо талабы жазылган 17 барактан турган петиция бар экенин жана мен кеткенден кийин «Кумтөрдүн» жумушчулары нааразычылык акциясын баштагандыктарын айтышкан», — деди Макфит.
Айтымында, анын жумуштагы кесиптештери дагы учурда тергөөдө.