Орусия телеканалдарына «өзгөчө макам» берүү тууралуу токтом коомдук талкуудан алынды. Өкмөттүн өкүлү документ коомдук талкуусуз эле кабыл алынышы мүмкүндүгүн, бирок жарандардын пикири эске алынарын билдирди.

Өкмөттүн басма сөз катчысы Назира Ахмедова Kloop.kgге курган маегинде орусиялык телеканалдарга «өзгөчө макам» берүү тууралуу токтом коомдук талкуудан алынгандыгын билдирди.

«Ал [документти] жайгаштырган Маданият министрлигинин юристтеринин катасы болгон. Тактап айтканда, өкмөт аны жакындан караганда эмес. Документ жаңы гана келип түштү», — деди ал.

Ахмедованын айтымында, документ талкууга алынып чыгарылбашы керек болчу, анткени ал кабыл алынышы үчүн коомчулук тарабынан пикирлерди топтоо каралбаган эки тараптуу келишим болуп саналат.

«Кандай болгондо да эгер аны карай турган болушса, ал биринчи кезекте биздин өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алат. Анда коомдун пикирин эске ала турган адистер менен эксперттер болушат», — деди басма сөз катчы.

Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы «Массалык коммуникациялар тармагында кызматташуу тууралуу» макулдашуу долбоору Маданият министрлиги тарабынан 5-январда коомдук талкууга коюлган.

Ага тиркелген негиздеме-маалымкатта документти орусиялык тарап иштеп чыкканы жазылган.

«Өзгөчө макам»

Ага ылайык, Орусиянын эки телеканалына — «Биринчи канал» менен «РТР-Планетага» — «өзгөчө макам» берүү сунушталууда.

«Көрсөтүлгөн телеканалдардын Кыргыз Республикасынын аймагындагы ишмердүүлүгүнө чет өлкөлүк маалымат каражаттарына карата мыйзам тарабынан белгиленген чектөөлөр, ошондой эле орус тили жана орусиялык контентти пайдалануудагы чектөөлөр колдонулбайт», — деп жазылган макулдашуу долбоорунда.

«Прецедент» өнөктөштүк тобунун юристи Алев Мамытова документтин бул бөлүгү «Мамлекеттик тил тууралуу» Кыргызстандын мыйзамына каршы келет деп эсептейт — анын 20-беренесине ылайык, кыргыз тили «маданият, искусство, массалык маалымат тармагында негизги тил болуп саналат».

«[Ал мыйзам боюнча] телерадиокомпаниялар менчик ээсине карабастан берүүлөрүнүн жарымынан көбүн мамлекеттик тилде даярдашат», — деди ал.

Мамытова Кыргызстандын мыйзамында «өзгөчө макам» түшүнүгү жок экенин айтты. «Орусиялык телеканалдарга кайсыл нормативдик-укуктук актынын негизинде өзгөчө макам берилет?» — деп суроо салды юрист.

Орусиялык телеканалдарга «кыргыз өнөктөштөрүн тартуу шартында», анын ичинде биргелешкен ишканаларды түзүү жолу менен коммерциялык ишмердүүлүк жүргүзүүгө уруксат берилет.

Макулдашуу долбоорунда Орусия менен Кыргызстандын өз ЖМКларында бири-бири тууралуу «объективдүү жана туура маалыматтардын» берилишине көмөктөшүү, «жалган кабар берүү, душмандык жана жек көрүүчүлүктү тутантуу аракеттерине» каршы күрөшүү милдеттенмелери тууралуу жазылган.

Маданият министри Алтынбек Максүтов негиздеме-маалымкатта кыргыз телеканалдарына орусиялык телеканалдар менен атаандашуу «абдан оор» экенин жазган.

Ал муну «Биринчи канал» менен ВГТРК (Бүткүл орусиялык мамлекеттик теле жана радиоберүү компаниясы) контент өндүрүү жана сатып алууга жылына «үч миллиард долларга жакын каражат короткондугу» менен түшүндүргөн.