Kloop.kgнин редакциясы тосмолонгон смартфонду ачуу үчүн алдамчылар 1500 сом талап кылган интернет опузалоо учуруна кабылды. Мындай учурларда кандай аракеттерди көрүү керектиги тууралуу материалдан окуңуздар.

Алдамчылар Kloop.kgнин штаттан сырткаркы кабарчыларынын биринин уюлдук телефонундагы браузерди тосмолошкон — аны ачканда «Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлининин» билдирүүсү пайда болуп, аны жабууга мүмкүн болбой калган.

12510907_943339675750824_770376462_o

Билдирүүдө колдонуучу Кыргызстандын Кылмыш кодексинин 23-беренесин бузгандыгы үчүн 1500 сом өлчөмүндөгү айып төлөшү керектиги жазылган. Ал берене кодекстин жалпы  бөлүмүнөн мыйзам бузуучунун күнөөсүн көрсөтөт.

Алдамчылар ошондой эле Кылмыш кодексинин 273-беренеси боюнча кылмыш иши козголорун жана эгер айып 12 сааттын ичинде төлөнбөсө «ыкчам-тергөө тобу» тарабынан кармала тургандыгын билдирип коркутушкан.

Интернет алдамчылардан кантип сактануу керек?

Милицияга кайрылуу

ИИМдин басма сөз кызматынын өкүлү Адыл Оморов Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде кыргызстандыктар буга чейин да тармактык алдамчылык боюнча милицияга кайрылгандыктарын билдирди. Оморовдун айтымында, укук коргоо органдары бул факты боюнча иш алып барып жатышат.

«Дароо айтып кетейин, Ички иштер министрлиги кандайдыр бир сайттарга кирүүгө эч кандай тыюу киргизген эмес. Бизде аны сот гана аныктайт, анан да бизде кайсыл сайттарга кирүүгө болбой тургандыгы азырынча регламенттелген эмес», — деди ал.

Басма сөз кызматтын өкүлү көпчүлүк учурларда мындай алдамчылар чет өлкөлөрдө болушарын кошумчалады.

Оморов электрондук алдамчылардан сактануу үчүн кыргызстандыктарга «Интернетте жазылгандардын баарына эле ишенип, акчаны бекерге коротпоону» сунуштады.

«Дароо эле биринчи кезекте андай айыптыр бар-жоктугун текшерип, юристтерге кайрылууга болорун такташ керек. Бизде чакыруу кагаздары менен айып пул маалыматтарын жеткирип бере турган расмий органдар бар», — деп жыйынтыктады ал.

Программалык камсыздоону жаңылоо

Программалык камсыздоо иштеп чыгуу менен алектенген программист Дмитрий Kloop.kgге мындай билдирүүлөр баракчаны жүктөөдө кайрадан эле ачыла берген тажатма жарнамалардын аналогиясы боюнча иштей тургандыктарын айтты.

Ал алдамчылардын курмандыгы болуп калбаш үчүн смартфондогу программалык камсыздоо менен браузерди тез-тез жаңылап туруу кеңешин берди.

«Мындан билдирүүлөрдөн, жалпы эле тажатма жарнамалардан алыс болуунун жалгыз жолу — браузерди өз убагында жаңылап, бул сыяктуу баракчаларга жөнөтүп жибериши мүмкүн болгон күмөндүү сайттарга кирбөө», — деди программист.

Дмитрийдин айтымында, билдирүүдөн кутулуу үчүн уюлдук телефондогу тиркемени кайрадан орнотуу же браузердеги баракчаны персоналдык компьютерде жабуу жетиштүү болот.