Түркиянын Тышкы иштер министрлиги 89 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына виза режимин киргизгендиги тууралуу маалыматты четке какты.

Түркия 2016-жылдын 1-июнунан тарта 89 өлкөгө, анын ичинде Кыргызстанга виза режими киргизиле тургандыгы жөнүндөгү билдирүүнү расмий четке какты — бул тууралуу Түркиянын Тышкы иштер министрлигинин пресс-релизинде жазылган.

«1-июнга карата Түркия 89 өлкөгө виза режимин киргизе тургандыгы жөнүндөгү маалымат каражаттарындагы билдирүүлөр таптакыр негизсиз болуп эсептелет. Биздин жарандар үчүн Шенген визаларын жоюуну камсыз кылуу боюнча Евробиримдик менен сүйлөшүүлөр уланууда», — деп жазылган билдирүүдө.

Аны менен катар түрк министрлиги эгер Түркия Евробиримдиктин толук укуктуу мүчөсү болуп калса келечекте виза режиминин киргизилүүсү ыктымалдыгын жокко чыгарган эмес.

«Биздин визалык саясатыбыздын Евробиримдиктин визалык саясаты менен толук дал келиши милдеттүү болуп эсептелет, биз Түркия биримдиктин толук укуктуу мүчөсү болушу үчүн аны аткарышыбыз керек болот», — деп билдирди Түркия ТИМи.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Нурлан Сүйөркулов Kloop.kgге Анкарадагы кыргыз элчилиги бул маселе боюнча түрк дипломаттары менен байланышка чыккандыгын жана «учурда ал суроо күн тартибинде эмес» экенин билдирди.

«Бул тема боюнча биздин мекеме менен Түркия ТИМинин ортосунда эч кандай расмий кайрылуу, жазышуу болгон эмес. Алардын министрлиги расмий билдирүүсүн жарыялады, анда бир катар өлкөлөр менен визасыз режимди жоюу тууралуу маселе Түркия Евробиримдиктин толук укуктуу мүчөсү болгондон кийин мааниге ээ болору жазылган», — деди Сүйөркулов.

Түркиянын 89 өлкөнүн жарандарына виза режимин киргизилиши мүмкүндүгү тууралуу биринчилерден болуп «Хаберлер» маалымат агенттиги билдирип, кийин аны кыргыз маалымат каражаттары жазып чыгышкан болчу.

Мүмкүн болгон кесепеттери

Кыргызстандыктарды Түркияга жумушка орноштуруу менен алектенген «Ак-Эмгек Компани» компаниясынын кызматкери Элдос Абдуласов Kloop.kgге курган маегинде эгер Түркия виза режимин киргизсе, ал алардын ишине терс таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн айтты.

«Биз [айына] Түркияга 30га жакын жарандарыбызды меймандык виза менен жөнөтөбүз, а эмгек визасын тил үйрөнгөндөн кийин ошол жактан алышат. Түркияга кирбей туруп Кыргызстандан эмгек визасын алуу абдан оор, андыктан иш менен камсыз болгон кыргызстандыктардын саны үч эсеге чейин кыскарат», — деп эсептейт ал.

Абдуласовдун айтымында, эгер виза режими киргизиле турган болсо, анда компания ага «ылайыкташуусу» керек болот.

Студенттерди Түркияга окууга жөнөтүү менен алектенген «Ангбест» агенттигинин өкүлү виза режиминин киргизилиши алардын ишмердүүлүгүнө эч кандай таасир этпестигин айтты.

«Биздин студенттер Түркияда студенттик визалар менен окушат, виза режиминин киргизилиши бизге тиешелүү болбойт, анткени биз визаларды азыртадан эле даярдап жатабыз», — деп билдиришти агенттиктен.