Футбол боюнча Кыргызстандын улуттук курамасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев Бахрейдин премьер-лигасында ойногон «Аль-Ахли» клубу менен келишимге кол койду. Ал — Бахрейндин клубунда ойногон экинчи кыргыз оюнчусу болуп калды.

Кыргыз чабуулчусунун келишими ушул сезондун аягына — 2016-жылдын июнуна чейин деп түзүлдү.

Бахрейдин борбору Манаманын «Аль-Ахли» футболдук клубу биринчи айлампадан кийин турнирдик таблицада 6-орунда турат жана өлкөнүн Экинчи лигасынын 2014/2015 сезонунун жеңүүчүсү болуп эсептелет.

Бишкектик «Дордойдун» тарбиялануучусу, Кыргызстан курамасынын чабуулчусу Мирлан Мурзаев буга чейин орусиялык «Локомотив», израилдик «Хапоэль» жана түркиялык «Денизлиспор» клубдарында ойногон.

Ал Бахрейндин жогорку лигасында ойногон жалгыз кыргызстандык футболчу эмес. Бир жарым жыл мурда улуттук кураманын капитаны Азамат Байматов бул сезондо 7-орунда келе жаткан «Ситра» клубунун негизги оюнчусу болуп калган.

Байматов 2018-жылы өтө турган дүйнөлүк чемпионаттын тандап алуу оюндарынын алкагында Австралия курамасына гол киргизгени менен белгилүү.

Тема боюнча: 2018-жылкы Дүйнөлүк чемпионатка тандап алуу: Кыргызстан 1-2 Австралия

Кыргызстандын Футбол федерациясынын басма сөз катчысы Тенгелбес Мусаев «кураманын макамынын көрсөткүчтөрүнүн бири болуп анын оюнчуларынын канчалык деңгээлде чет өлкөлөрдө суроо-талапке ээ экендиги болуп эсептелерин» айтты.

«Бахрейндин премьер-лигасында ойногон клубга өтүү Мирлан үчүн алдыга жасалган кадам экендиги талашсыз. Биз ага ийгиликтерди жана жаңы жетишкендиктерди каалайбыз! Азамат менен Мирлан бири-бирин көптөн бери билишет жана ортолорунда достук мамиле бар. Биз алар бири-бирине жардам берип, керектүү учурларда колдоо көрсөтүшөт деп ишенебиз», — деди ал Мурзаевдин клуб алмаштыргандыгы тууралуу Kloop.kgге курган маегинде.

Сүрөт: Азаттык