Кыргызстандык дизайнер Steel Drake Samsung 8 смартфонунун концептин иштеп чыкты. Буга чейин ал жасаган iPhone 8дин концепт долбоорун америкалыктар менен кыйталыктардын биргелешкен компаниясы сатып алган болчу.

Дизайнер Samsung смартфонунун кийинки үлгүсүн кандай элестете тургандыгы көрсөтүлгөн сүрөттү «Фэйсбуктагы» баракчасына жайгаштырды. Айтымында, ал бул концептти сатуу үчүн иштеп чыккан жок.

7

6

5

1

2

3

4

«Кандай товар болбосун анын концептин иштеп чыгууга 14 айдан ашык убакыт талап кылынат. Samsungдун концептке кызыга тургандыгы күмөндүү, мүмкүнчүлүк абдан төмөн», — деди Steel Drake Kloop.kgге курган маегинде.

Анын айтымында, азырынча Samsung 8дин концептине кызыккан сатып алуучулар жок.

Steel Drake — автоунаалардын, смартфондор жана терминалдардын концепттерин иштеп чыккандыгы менен белгилүү болгон кыргыз дизайнери Олег Ермаковдун каймана аты.

Анын келечектеги iPhone 8 телефонунун долбоорун америкалыктар менен кытайлыктардын биргелешкен компаниясы сатып алган. Азырынча компаниянын аталышы менен анын концептти канчага сатып алгандыгы айтылбай эле.

Дизайнердин өзү автоунаалардын концепттерин иштеп чыгууну жактырат.

«Бул көбүнчө кызыгуу болуш керек. Бирок анын аркасы менен мен дүйнөлүк аренада индустриалдык дизайнер катары белгилүү болуп калдым. 2011-жылы мен өзүм иштеп чыккан Mercedes Benz SF1дин концепти менен бөлүшкөм. Ал кыйла популярдуу болуп калган, аны немис автосунун күйөрмандарынын көбү жарыялашкан», — деди ал.

1

2

3

4

Дизайнердин айтымында, смартфондор менен автоунаалардын концепттерин иштеп чыгуунун принциптери окшош. Эки продукт тең 3D дизайндын жыйытыгы болуп эсептелет.