XX кылымдын эң таасирдүү музыканттарынын бири Дэвид Боуи 11-январда, бир жарым жыл рак менен күрөшкөндөн кийин каза болгон. Kloop.kg бир нече белгилүү кыргызстандыктарга кайрылып, алардын Боуинин чыгармачылыгы менен кантип таанышкандыгы жана музыкант алар үчүн ким болуп саналары тууралуу пикирлерин укту.

Марина Ким, журналист:12032856_1045715858802529_1080737518843119192_o-200x130

MTV жаңы гана көрсөтүп баштаган жаш кезимде бизде COOL деген журнал бар болчу. Ал өтө саркеч жана музыкалык журнал болчу, а биз болсок анда өтө кичинекей болуп, андан башка «Птюч» (орусиялык жаштар журналы, — автордун түшүндүрмөсү) менен Rolling Stonesтун бар экенин билчү эмеспиз.

Анан анын чыгарылыштарынын биринен төмөндөгүдөй деген сөздөрдү камтыган макала окугам: «Ал Дэвид Боуи сыяктуу – башкалардай эмес, башка планетадан келгендей болчу, эгер ал бөлмөдө пайда болсо калган дүйнө жоголуп кетчү». Мына бул – ал жөнүңдө. Эгер кимдир бирөө кыйын болсо – анда ал «Боуидей болчу».

Эгер акылман фрик болсо – ал дагы «Боуидей болчу». Калгандарынын баары болгону «Блуидей гана болушкан». Андан кийинкилердин баары тең – болгону Блуинин кайталануулары болушкан. Ар бирибизде бир аздан Боуи бар. Ар бир айподдо Боуинин бир аз музыкасы бар.

Мен үчүн Дэвид Боуи ким болгон? Эч ким деле эмес го. Өзүнчө бир доор болсо керек.

Ширин Айтматова, парламенттин экс-депутаты:

Ai-tmatova-SH-200x130

Өспүрүм кезимде, 1993-жылы Дэвид Боуинин «Black tie, white noise» деген альбомун укканда эле Боуинин — менен жашоомдун саундтреги экенин түшүнгөм.

90-жылдары менин курдаштарымдын баары таптакыр башка музыканы угушчу. Алардын эч кимиси деле Боуинин мага эмнеге жага тургандыгын өзгөчө деле түшүнүшчү эмес.

Боуи — убакыт менен модага көз каранды болбогон сейрек жаралуучу адам. Ал дайыма өзү менен өзү болчу. Боуи мен сыяктуу өспүрүмдөргө ийгиликтин үмүтүн берчү.

Дэвид Боуинин каза болгондугу жөнүндө окуп, өзүмдүн эки жаштагы кызым Лоланы кучактап, «Don’t let me down and down» деген ырын койдум.

Биз жай бийлеп, биздин замандын улуу жаратуучусу менен коштоштук.

Жоомарт Ормонбеков, популярдуу блогер:

10418499_10152265195431557_1170613269388660485_n-200x130

Биздин ата-энелерибиздин рок-музыкасын гана аныктабастан, биздин искусство, мода жана музыка түшүнүгүбүздү аныктаган өзүнүн эпатаждуу образы менен бүткүл дүйнөнү адаштырган улуу андрогин каза болду.

Өткөн кылымдын 60-жылдарындагы текебер Британиянын контекстинде Боуи — жөн гана бир фрик эмес, а альбомдорунун космикалык аталыштары жана алардан кем калышпаган хиттери менен бүтүндөй бир маданий революция болгон.

Эки жүздүүлүк кылып аны жакшы көрүп, музыкаларын түшүнчүмүн деп айтпайм — биринчи кезекте мен үчүн анын ысымы сулуу жубайы Иман менен байланыштуу болгон.

Бирок мындай масштабдагы Боуи сыяктуу адамдардын бул дүйнөдөн кетиши — бул кокаин, эксперименталдуу секс жана башындагы саамай чачы менен бекемделген акылга сыйбаган артисттиктин доорунун аяктагандыгы тууралуу дагы бир эскертүү. Анын ордуна көз айнекчен жана анча кымбат эмес свитер кийген интеллигентүү сары балдар келүүдө.

Влад Вейнгардт, РетроFM радиостанциясынын алып баруучусу, «По» тобунун вокалчысы

1147721_505641359513359_410384461_o-200x130

Боуи деген музыканттын бар экендиги тууралуу мен биринчи жолу 13 жашымда — музыкага кызыгып баштаган кезимде билсем керек. Бирок анын чыгармачылыгы менен «Бархатная золотая жила» деген тасманы көргөндөн кийин чындап «жолугушкам». Ал тасманын башкы каармандарынын образдары эки музыкант — Девид Боуи менен Игги Поптун жашоолорунан алынган (анын аталышы да Боуинин «Velvet Goldmine» деген ырынан улам пайда болгон).

Ал 2007-жыл болчу. Мен өзүмө Дэвиддин дүйнөсүн ошондо ачкам. Ал мен үчүн ким? Биринчи кезекте — стилистикалык рамкалардан, чек аралардан жана убакыттан тыш жашаган жаратуучу. Мени өзүнө тарткан алгачкы образ — бул албетте Зигги Стардаст.

Андан кийин мен баарын катары менен уга баштадым. Мен үчүн ал эмоцияларга, интеллектиге, эки маанинин четин чыгарган кыйытмаларга жана таң калтырган жалган ойлоп чыгарууларга толгон чыныгы космос болчу. Кечээ эле абдан берилүү менен анын «Blackstar» деген акыркы альбому тууралуу айтып жаткам, а бүгүн Дэвид Боуи жок… кызык жашоо. Мен анын фанаты болчумун деп айтпайм, мен үчүн Боуи эгер чыныгы чыгармачылык болсо анын таасири абдан чоң боло тургандыгынын үлгүсү болгон…

А ал, Фредди Меркьюри сыяктуу өзү толгон бүтүндөй бир доорду жаратып, кетээринде эшикти катуу жаап кетти… Бирок Боуинин өлүмү — бул фантасмагория деп ишенгим келет…

Мына менин башымда азыр ушундай таң калычтуу жана чаржайыт ойлор…

Дэвид Боуи 11-январда рак менен бир жарым жыл күрөшкөндөн кийин 70 жаш курагында каза болгон. Өлүмүнө бир нече күн калганда музыкант өзүнүн акыркы, 25-чи альбомун чыгарган. Боуинин 50 жылдык карьерасында 130 миллиондон ашык пластинкасы сатылган. 2000-жылы NME британ журналы Боуини жүз жылдыктын эң таасирдүү музыканты деп тапкан. Анын чыгармачылыгына бүтүндөй конференциялар арналып, анда анын эпатаждуу стили менен музыкадагы эксперименттери терең талдоого алынчу. Баары тең «Ice, ice baby» ырындагы белгилүү Vanilla Ice деген бас үзүндүнү жакшы билишет, бирок аны Боуинин ойлоп тапканын билгендер аз. Майкл Жексондун айга окшоп басышы — болгону Боуинин модификацияланган бийи. Анын поп-сахнага тийгизген таасири эбегейсиз жана ал билинбеген бойдон калбайт.