Орто-Сай базарынын бир бөлүгү болгон «Кулун-Ата» базарынын соодагерлери жарым жылдын ичинде Социалдык фондко чегерүүлөрдүн 400 сомго жогорулашына нааразы болуп жатышат.
Соодагерлер 11-январда чогулуш өткөрүшүп, социалдык чегерүүлөрдүн жогорулашына карата нааразычылыктарын айтышты — өткөн жылдын июлуна чейин ал сумма 200 сомду, андан кийин — 600го жакын сумманы түзүп турса, 1-январдан тарта ал дагы дээрлик 400 сомго жогорулаган.
Орто-Сай базарында кийим саткан Тамара Ногоева Kloop.kgге ишкерлер ай сайын 1000 сомдон төлөөнү каалабай жаткандыктарын билдирди.
Айтымында, сатуучулар ансыз деле патентке, жердин ижарасына жана электр энергиясына акча төлөп келишет — социалдык чегерүүлөрдү кошкондо алардын жалпы суммасы 10 миң сомго чейин жетет.
«Биз айына жок дегенде 15 миң сом иштеп табабыз деп мактана албайбыз», — дейт Ногоева.
Кыргыз ишкерлеринин биргелешкен кесиптик кошуунунун төрагасы Иван Дробитько бийлик ишкерлер үчүн төлөмдөрдү «бардык тобокелдиктерди эсептеп чыкпастан, таптакыр ойлонбой туруп» жогорулатты деп эсептейт.
«Ал ишкерлердин акча топтоо бөлүгүнө бир дагы тыйын түшпөйт. Алар учурда пенсия алып жаткандардын пенсиясын төлөө үчүн тилектештик бөлүгүнө акча төлөп жатышат», — деди Дробитько.
Анын айтымында, ишкерлер төлөмдөрдү чогултуу менен Салык кызматы алектенип баштагандан бери камсыздандыруу төлөмдөрүн төлөөгө аргасыз болушкан — ага чейин соодагерлердин көбү ал төлөмдөрдөн качып, патентке гана акча төлөп келишкен.
«Айрым ишкерлер социалдык камсыздандыруунун полисин таптакыр алышкан эмес, а мында 900 сом төлөөгө мажбурлап жатышат», — деп түшүндүрдү кесиптик кошуун төрагасы.
Ыңгайлуулук жана пенсияларды жогорулатуу
Мамлекеттик салык кызматынын басма сөз катчысы Эркин Сазыков Kloop.kgге чегерүүлөрдү салык кызматы жогорулатпаганын билдирди — анын айтымында, ал Социалдык фонддун демилгеси болгон.
Ал Салык кызматы Социалдык фонддон социалдык чегерүүлөрдү чогултуу функциясын алгандыгын билдирди. Бирок айтымында, азырынча бул эки гана райондо иштейт — Бишкектин Октябрь жана Чүй облусунун Сокулук районунда.
«Буга чейин ишкер Салык кызматына да, Социалдык фондго да барышы керек болгон. Азыр болсо патент менен социалдык камсыздандыруу полисин бир эле жерден алууга болот», — деп түшүндүрдү Сазыков.
Социалдык чегерүүлөр «Мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу төлөмдөрүнүн тарифтери тууралуу» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилгенден кийин жогорулаган.
Анда Социалдык фонд Кыргызстанда пенсия көлөмү эл аралык нормаларга туура келбей тургандыгын билдирген — ал нормаларга ылайык, пенсия кеминде орточо айлык акынын 40 пайызын түзүшү керек.
Өзгөртүүлөр парламент тарабынан 2015-жылдын февралында жактырылып, жеке ишкерлердин социалдык чегерүүлөрүнүн көлөмү орточо айлык акысына байланган.
Анын пайыздык чени акырындык менен жогорулайт жана 2017-жылга карата аймактагы орточо айлык акынын көлөмүнүн 10 пайызына жетет.
«Анча адилеттүү эмес»
Парламент депутаты Дастан Бекешев каатчылык маалында социалдык чегерүүлөрдү жогорулатуу «анча адилеттүү эмес» болгонун жана ал бул демилгеге башынан эле каршы болуп келгенин айтты.
«Бул жеке гана Орто-Сай базарынын көйгөйү менен, бул бардык базарлардын көйгөйү. Кеп болгону камсыздандыруу төлөмдөрүнүн көлөмдөрүндө — аны өкмөт жана парламент менен биргеликте карагандан кийин гана кандайдыр бир чечим болушу мүмкүн», — деп эсептейт парламентарий.
Бекешев ишкерлер үчүн төлөмдөрдү жогорулатуу маселесин парламент жыйынында кайрадан карап чыгуулары мүмкүндүгүн айтты.