Парламент депутаты Узарбек Жылкыбаев Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын реалити-шоусунун биринчи чыгарылышын тартууга катышып, анын жүрүшүндө жол эрежесин бузган.

Социал-демократтар фракциясынан депутат Жылкыбаев Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынын «Парламент-такси» аталышындагы долбоорунун биринчи катышуучусу болгон.

Долбоордун идеясына ылайык, ар апта сайын парламент депутаттарынын бири такси айдоочусунун ролунда болуп, Бишкекте жарандарды ташыйт.

Долбоордун даяр болгон биринчи чыгарылышын көрүүдө соцтүйүн колдонуучулары депутаттын коопсуздук курун тагынбагандыгына жана кыймыл маалында жүргүнчүлөрү менен сүйлөшүп жаткандыгына көңүл бурушкан.

«Эмне, буларга кур тагылбайбы?» — деп жазган Мирлан Кочкорбаев.

Автоунаа жүрүп бара жатканда коопсуздук курун тагынбоо үчүн айып пул өлчөмү 300 сомду түзөт.

Жылкыбаевдин өзү «Спутник» агенттигине курган маегинде өзүн күнөөлүү эмес деп эсептей турганын билдирген. Анын айтымында, ал унаанын коопсуздук куру иштеген эмес жана долбоордун уюштуруучулары ага: «Эч нерсе болбойт, отура бериңиз», деп айтышкан.

«Өзүм жол эрежелерин бузбаганга аракет кылам. Андан сырткары менин айдоочулук күбөлүгүмдө — «В» жана «С» категориялары белгиленген», — деп жазган «Спутник» депутаттын айткандарын.

«Депутатка эскерткем»

Парламенттин басма сөз катчысы Ибрагим Нуракун уулу Kloop.kgге депутатка коопсуздук курун тагынуусу керектигин эскерткенин билдирди.

«[Коопсуздук куру иштебеген унаага отура берүү тууралуу] ага айдоочу айтса керек. Мен депутатка курду тагынуусу керектигин эскерткем. Анын жолдо курду чечип салганына же дагы башкасына мен жооп бербейм да», — деди ал.

Нуракун уулунун айтымында, азыр ал автоунаанын коопсуздук куру иштеп жатат.

«Эгер ага [депутатка] айып пул жазылса ал төлөшү керек. Бирок ага айып жазылды деп ойлобойм — ЖКК кызматкерлери болгон эмес да. Эгер кааласа айып пулду өз эрки менен төлөйт. Бирок ал үчүн мен жооп бере албайм», — деди ал.

«Парламент-такси» долбоору 2016-жылдын январында ишке киргизилген. Басма сөз кызматтын идеясына ылайык, анын максаты — депутаттар менен шайлоочулардын ортосундагы байланышты чыңдоо. Долбоорду ишке ашырууга байланышкан бардык чыгымдар парламент тарабынан төлөнөт.

Азырынча долбоордун депутат Жылкыбаевдин катышуусундагы бир гана чыгарылышы тартылып бүттү. Басма сөз катчы Ибрагим Нуракун уулу белгилегендей, учурда алар депутаттардын арасынан кийинки талапкерди издеп жатышат.

«Азырынча таба элекпиз, бирок кийинки депутат оппозициялык блоктон болот деп ойлойм», — деди ал.