Бишкек — Ош унаа жолунда 38 тонна күйүүчү-майлоочу май алып бара жаткан жүк унаасы Чүй облусундагы дарыяга оодарылып кетип, андагы майдын бир бөлүгү жакын жайгашкан айылдарды ичүүчү суу менен камсыз кылган Абла дарыясына төгүлгөн.

Кырсык 12-январда болгон. Бишкек — Ош унаа жолунда 38 тонна күйүүчү май алып бара жаткан жүк унаасы оодарылып кеткен. Азыр кырсыктын себептери такталып жатат.

Унаадагы күйүүчү майдын бир бөлүгү Чүй облусунун Кайырма, Бөксө-Жол, Бекитай жана Сосновка айылдарын ичүүчү суу менен камсыз кылып турган Абла дарыясына төгүлгөн.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз катчысы Абдишарип Бекилов Kloop.kgге азыр ал жерде милиция жана Мамлекеттик экотехинспекциянын кызматкерлери иштеп жатышканын билдирди.

«Дарыяны тазалоо иштери Мамэкотехинспекциянын экспертизасынын жыйынтыктары чыккандан кийин башталат», — деди Бекилов.

Жалпысынан дарыяга 13-14 тонна күйүүчү-майлоочу май агып түшкөн, аталган айылдарга суу берүү убактылуу токтотулду. Учурда аларды ичүүчү суу менен камсыз кылуу иштери жүрүүдө.

Эколог Юрий Быковченко Kloop.kgге курган маегинде мындай көлөмдөгү күйүүчү майдын агын сууга түшүшү «өсүмдүктөр менен жаныбарлар үчүн өтө коркунучтуу» экенин айтты.

«Кесепеттери ар кандай болушу мүмкүн: суу жаныбарлары менен өсүмдүктөр үчүн — бул өлүмгө алып келе турган уулануу. Адамдар менен жаныбарлар да ар түрдүү узакка созулчу ууланууларга туш болушу мүмкүн. Андагы сууну ичүү таптакыр болбойт. Дарыяны толугу менен тазалоо керек», — деди эколог.

Бул Кыргызстандагы агын сууларга күйүүчү май төгүлгөн алгачкы учур эмес.

2013-жылдын майында Аспара дарыясынын үстүнөн учуп бара жаткан америкалык аскер-аба күчтөрүнүн КС-135 май куйгуч учагы жарылган.

Анда учактагы күйүүчү май дарыяга түшүп, жакын жашаган жергиликтүү тургундар анын айынан жер-жемиштери өспөй калганын билдиришкен.

2013-жылдын ноябрында Бишкек-Ош унаа жолунда 40 тонналык мунай ташыган унаа оодарылып кеткен. Цистернадагы күйүүчү май Чычкан дарыясына агып, ал балыктардын массалык кырылуусун жараткан.