Бишкектин Биринчи май райондук соту маңзатын саткандыгы үчүн криминалист Николай Иксановго карата 16 жылга эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Ал заттар криминалисттин кспертизалык корутунду чыгарып берүүсү үчүн алынып келинген.

11-январда Соттук экспертизалардын мамлекеттик борборунун эксперти Николай Иксановго карата 16 жылга эркинен ажыратуу өкүмү чыгарылды.

Ал Кылмыш кодексинин 304-беренеси менен каралган кызмат абалын кыянат пайдаланууга жана 247-берене менен каралган маңзатын сатууга күнөөлү деп табылды. Жаза мөөнөтүн катаал режимдеги түзөтүү абагында өтөйт.

Иштин материалдарына ылайык, милиция Иксановдун изине 37 грамм гашиш менен Н.Максутов аттуу жаранды кармагандан кийин түшкөн. Ал кармалгандан кийин маңзатты криминалисттен 7 миң сомго алганын айткан.

Ошол эле күнү милиция Иксановдун иш бөлмөсүнө барган. Ал укук коргоо кызматкерлерине өз каалоосу менен Максутовдон алган 7 миң сомду, ошондой эле сатуу үчүн сактап жүргөн эки килограммдан бир аз ашык героин жана 42 грамм гашишти өткөрүп берген.

Эки күндөн кийин милиция кызматкерлери Иксановдун иш бөлмөсүндө тинтүү жүргүзүшүп, иш сейфинин төмөнкү текчесинен 307 грамм марихуана табышкан.

Иштин материалдарына ылайык, Иксанов 2004-жылы жогорку окуу жайын аяктагандан кийин Соттук экспертизаларынын мамлекеттик борборуна эксперт болуп жумушка орношкон. Анын милдети тергөө органдары жана сот тарабынан алынып келинген маңзаттар боюнча корутунду чыгаруу болгон.