Депутат Жанар Акаев орусиялык телеканалдарга «өзгөчө макам» берүү маселеси боюнча парламентте талкуу жүргүзүүнү талап кыла турганын билдирди. Ал өзү Орусиянын федералдык ЖМКларына жеңилдиктерди берүүгө карата каршы пикирин билдирди.
Акаев макулдашуу өлкө үчүн саясий жактан пайдасыз болуу менен катар Кыргызстандын экономикасына зыян келтирет деп эсептейт. Ал бул маселени 14-январда парламентте көтөрүп чыгууну убадалады.
«Биз өзүбүздүн улуттук кызыкчылыктарыбыз менен улуттук телеканалдарыбызды коргошубуз керек. Орусиялык каналдарды башка батыш каналдары менен бир катарга коюшубуз керек. Мен депутат катары жарандык коомчулуктун позициясын жактайм», — деп билдирди ал орусиялык ЖМКларга жеңилдиктерди берүүгө арналган тегерек столдун жүрүшүндө.
Депутат коммерциялык жарнамадан түшкөн киреше орусиялык телеканалдардын эсебине түшүп, салык салынбаган учурда өлкө бюджети «уттурат» деп эсептейт.
«Өзүңөр билгендей Би-би-си менен «Азаттык» улуттук телеберүүдөн чыгуу үчүн чоң-чоң акчаларды төлөп келет. Бизге алардын [орусиялык ЖМКлардын — редакциянын түшүндүрмөсү] бекер контентинин эмне кереги бар? Алар дагы батыш ЖМКларындай эле төлөшү керек», — деди ал.
Юрист Рита Карасартова Орусиянын федералдык телеканалдарына жеңилдиктерди берүүгө каршы экенин билдирди. Ал макулдашуу Кыргызстандын ички мыйзамдарынан жогору болгон күчкө ээ болорун айтты.
«Алар [орусиялык ЖМКлар — редакциянын түшүндүрмөсү] ооба, силерде контенттин элүү пайызы кыргыз тилинде болушу керек деген мыйзам бар деп айтышат. Бирок андан кийин өзгөчө макам берген мамлекеттер аралык макулдашууну көрсөтүшөт. А кандай гана ченемдик акты болбосун ал эл аралык макулдашуулардан жогору тура албайт», — деди ал.
«Өзгөчө макам»
Орусия телеканалдарына «өзгөчө макам» берүү маселеси «Кыргыз Республикасы менен Орусия Федерациясынын өкмөттөрүнүн ортосундагы массалык коммуникациялар тармагында кызматташуу тууралуу» макулдашуу коомдук талкуу үчүн өкмөттүн сайтына жарыялангандан кийин талкууланып баштаган.
Ал документтин текстинде Орусиянын федералдык «Биринчи» жана «РТР-Планета» телеканалдарына «өзгөчө макам» берүү сунушталган — анын ичинде аларга кыргыз тилинде көрсөтүү жана эфирди жергиликтүү жаңылыктар менен толтуруу милдеттенмелеринен бошотуу жеңилдиктери бар.
Макулдашуу социалдык түйүндөрдүн кыргыз сегментиндеги колдонуучулардын бир бөлүгүнүн нааразычылыгын жараткан — алар макулдашуу Кыргызстандын маалыматтык коопсуздугуна коркунуч келтирет деп эсептешүүдө.
«Чынын айтканда Кыргызстан «бандеровчулар», «чирип бара жаткан Европа», «расисттик Америка», «Сириядагы террорчу-оппозициячылар», «тобо кылып жүгүнүп жаткан Орто Азия» сыяктуу орусиялык жаңылыктарды көбүрөөк сурап жатат. Чынында эч кандай жаңылык алмашуу жок да, болгону сутка бою бир тараптуу пропагандалык нерселерди жаадыруу гана бар», — деп жазган журналист Ырысбек Кыргызтегин.
Тема боюнча: Орусия телеканалдары талкуусуз эле «өзгөчө макамга» ээ болушу мүмкүн
Кийинчерээк макулдашуу коомдук талкуудан алынган, бирок өкмөттүн басма сөз катчысынын айтымында, бул анын кабыл алынбай тургандыгын түшүндүрбөйт.
Макулдашууга тиркелген негиздеме-маалымкатта «калктын көпчүлүк бөлүгү» «эбак эле ата мекендик көрүүчүлөрдүн сүйүүсүн багынтып алган» орусиялык телеканалдарды «артык көрө тургандыктары» жазылган.
Маданият министринин орун басары Айнура Темирбекова «Азаттык» радиосуна курган маегинде башка өлкөлөр Кыргызстанга бекер берилип жаткан орусиялык телеканалдардын контентин сатып алып жаткандыктарын айткан.
«Биз контенти бекер болгондуктан сигналды республиканын бардык аймагына таратуу милдеттенмесин алдык. Кийинки баскычында келишимге кол коебуз», — деген ал.
Темирбекованын айтымында, өкмөткө орусиялык каналдардын жеткиликсиз болуп жаткандыгы боюнча көптөгөн даттануулар келип түшкөн.
«Бизге орусиялык телеканалдар трансляцияланбай жатканын айтып көптөгөн жарандар кайрылышкан. Ошондуктан ал экинчи мультиплекске киргизилди. Азыр санарип түрүндө орусиялык жана кыргызстандык телеканалдар көрсөтүлүп жатат», — деген министрдин орун басары.