Түркия полициясы терактты уюштурууга шектүү жана «Ислам мамлекетине» тийешеси бар деп 59 кишини кармады. Түркиянын түштүк жана түштүк-чыгыш аймактарында өткөрүлгөн операциялар Стамбулдагы жардырууга карата бийликтин реакциясы болду.

Стамбулдагы теракттан кийин атайын операциялар бир эле маалда Түркиянын түштүк жана түштүк-чыгыш аймагындагы 22 жерде өткөрүлдү.

Полициянын маалыматы боюнча, шектүүлөрдүн бир бөлүгү бир катар өлкөлөрдө, анын ичинде Кыргызстанда да террорчу топ деп табылган Сириядагы «Ислам мамлекетине» кошулууну пландашса, башкалары ал уюмдун буйругу менен Түркиянын аймагында теракттарды даярдап жатышкан.

Буга чейин түрк ЖМКлары Анкарада Түркиянын борборунда теракт уюштурууга даярданып жаткан «Ислам мамлекетинин» мүчөсү делген 16 кишинин кармалганын билдирген болчу.

Бүгүн Түркияда «Ислам мамлекетине» тиешеси бар деген шек менен үч орусиялык жаран кармалды — бул тууралуу Би-би-си телеканалы Орусиянын Анталиядагы консулдугуна шилтеме жасоо менен билдирди.

Dogan News түрк маалымат агенттигинин билдирүүсүндө кармалган орусиялыктардын Стамбулдагы жардырууга тиешелери бар болушу ыктымалдыгы жазылган.

«Немецкая волна» басылмасы орус консулдугуна шилтеме жасап, полиция кармалгандар жашап жаткан Анталиядагы үйдү тинтүүгө алып, алардын документтери менен компакт-дисктерин алганын билдирди.

Орусия консулдугу жарандарынын кармалгандыгы фактысын ырастады.

Стамбулдун борборундагы теракт

Жардыруу 12-январь күнү Стамбулдун Султанахмет борбордук аянтында орун алып, 10 киши каза болуп, дагы 15и жаракат алышкан.

Би-би-синин маалыматы боюнча, каза болгондордун көбү — Германиянын жарандары.

Түркия бийлиги теракттан кийин жардырууну «сириялык жанкечти» жасаганын билдирди. Алар теракт жасаган адам Түркияга жакында эле Сириядан келип,болжолдуу согушкерлердин тизмесинде болгон эмес деп божомолдошууда.

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин маалыматы боюнча, теракттан каза болгондор менен жаракат алгандардын арасында кыргызстандыктар жок.