Туризм департаментинин мурдагы башчысы Максат Чакиев пара берүү аракети үчүн алты жылга эркинен ажыратылды.

Чакиевге карата сот өкүмү 12-январда чыгарылды — ал катаал режимдеги абакка алты жылга эркинен ажыратылды.

Чиновник Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин Коррупцияга каршы күрөшүү башкармалыгынын кызматкерине 92 миң сом пара берүүгө аракет кылган деп айыпталган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Чакиев ага каршы козголгон башка кылмыш ишин «токтотууну» каалаган — ага чейин чиновник Туризм департаментинин Туризмди өнүктүрүү боюнча кеңешинин күбөлүгүн чет элдик жаранга мыйзамсыз берүүгө айыпталган болчу.

Чакиевдин өзү дарегине айтылган айыптоолорду мойнуна алган эмес — ал аны «жасалма коррупционер» кылып койгондуктарын билдирген.

«Мени акча берүүгө аргасыз кылып, андан ары ал иш боюнча укук коргоо органдарынын ишинин жыйынтыктуулугун көрсөтүү үчүн мага карата атайылап материалдарды даярдашкан. Мен алардын чылбырында жүрүүгө аргасыз болуп, мага каршы козголгон ишти токтотуу үчүн акча бергем», — деп жазган Zanoza.kg басылмасы Чакиевдин айткандарын.

Чакиев Кыргызстанда 2014-жылы биринчи жолу өткөн алгачкы Эл аралык Көчмөндөр оюндарын уюштургандыгы менен белгилүү.

Чакиевге карата сот өкүмү Кыргызстанда төрт жыл мурда жарыяланган коррупцияга каршы күрөштүн фонунда чыгарылууда.