«Maalymat.kg» сайтынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков ар-намысы менен кадыр-баркын кемсинткендиги үчүн деп президент Алмазбек Атамбаевге каршы доо арыз жазды. Журналист моралдык чыгым катары өлкө башчысынан бир сом талап кылууда.

Орунбеков өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев менен президенттин аппарат башчысы Фарид Ниязовго каршы доо арызны 13-январда, Бишкектин Биринчи май райондук сотуна тапшырды.

Журналист президенттин 24-декабрдагы жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында айткан сөздөрүнө нааразы болууда — анда Атамбаев Орунбеков «кимдир-бирөө берген акчаны акташ үчүн иштеп жатат» деп билдирген.

«Жоопкер [президент Алмазбек Атамбаев] доочу [Дайырбек Орунбеков] кимдир бирөөнөн алган акчасын «акташ үчүн иштеп жатат» деп эл алдында аны ушактаган, анткени ал айтылгандар таптакыр чындыкка туура келбейт», — деп жазган журналист доо арызында.

Орунбеков ошондой эле президенттик администрациянын башчысынын журналист «криминал төбөлдөрүн ЖМКлардагы коргоочусу» жана «[өлкөдөн куулган президент Курманбек] Бакиевдин режиминин берилген кызматчысы» деп айткан сөздөрүнө нааразы болууда.

Журналист жогорку кызматтагы ал эки адамдын ар биринен символикалуу түрдө бир сомдон моралдык чыгым талап кылып, алардын маалымат каражаттары аркылуу кечирим сурашына жетишүү ниетинде.

Азырынча президент менен анын администрациясы Орунбековдун доо арызына карата өз мамилелерин билдирише элек.

Журналисттин президентке каршы доо арызы биометрикалык маалыматтарды топтоого байланышкан соттук талаш-тартыш тууралуу Атамбаевдин айткандарына нааразы болгон юрист Нурбек Токтакунов өлкө башчысын сотко бергендин эртеси жазылууда.

«Айткандарын электен өткөрүү»

Атамбаев 2015-жылдын жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынында журналист «айткан сөздөрүн электен өткөрүп», өз сөзүнө жооп бериши керектигин билдирген.

«Мени эл душманы деп аташканда апам үч айдын ичинде эле өчүп калды. Эгер нормалдуу өлкөдө жашагыңар келсе, анда баары тең айткан сөздөрүнө жооп бериши керек деп эсептейм. Журналисттин иши — фактыларды келтирүү. […] Эгер Орунбеков кимдир бирөөнөн алган акчасын акташ үчүн иштеп жатса, анда айыпты ошолор төлөп берсин», — деген президент.

Орунбеков менен кыргыз бийлигинин ортосундагы келишпестиктер журналист макалаларынын биринде Атамбаевге жана дагы бир катар саясатчыларга 2010-жылдын июнундагы улуттар аралык кагылыштар үчүн жоопкерчиликти жүктөгөндөн кийин башталган.

Башкы прокуратура ал үчүн Орунбековду сотко берип, ал өлкө башчысынын «ар-намысы менен кадыр баркын кемсинткендиги» үчүн Атамбаевге эки миллион сом төлөп берүүгө милдеттендирилген.

Журналист соттун чечими менен макул болбой, президентке анча акча төлөп бере албастыгын айткан. Ал айыпты төлөп берүү үчүн ар бир кишиден бир сомдон акча чогултуп баштаган.