Акыркы ай ичинде «ар-намысын кемсинткендиги» үчүн деп эки киши президентти сотко берди — аларга өлкө башчысынын алар тууралуу айткандары жаккан эмес. Президенттин иммунитетин айланып өтүү менен аны кантип туура сотко берүү керек?

Президентти эмне үчүн жоопкерчиликке тартууга болот?

Өлкө башчысын аны кылмыш жана административдик кылмыштар үчүн жоопкерчиликке тартууга тыюу салган иммунитети коргоп турат.

Аны тинтип, текшерип, суракка алып жана кармоого болбойт. Иммунитет президенттин жана анын жакын туугандарынын бардык кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрүн коргойт.

Бирок эгер ал сизди кемсинткен болсо, анда аны жарандык жоопкерчиликке тартып, андан айткандарын төгүндөөсүн талап кылууга аракеттенүүгө болот.

Жарандык кодекстин 18-беренесине ылайык, сизге келтирген моралдык жана материалдык зыян үчүн президенттен акчалай компенсация талап кылууга болот.

«Жарандын ар-намысын, кадыр-баркын жана ишкердик беделин жаманатты кылган маалыматтар таратылган учурларда […] ал андагы маалыматтарды төгүндөө менен катар алардын таратылышынан улам келтирилген моралдык чыгымдардын төлөнүп берилишин талап кыла алат», — деп жазылган макалада.

Сот сиздин арызыңызды кабыл алышы үчүн эмнелер керек?

Сиздин доо арызыңызды сот кабыл алышы үчүн ага президенттин айткандары сизди ыза кылгандыгынын (же кемсинткендигинин), ошондой эле ал сөздөр дал сиздин дарегиңизге жолдонгонунун далилин келтиришиңиз керек: ал документтер же күбөлөрдүн көрсөтмөлөрү болушу мүмкүн.

Сот сиздин доо арызыңызды өндүрүшкө кабыл алып, отурум өткөрүү күнүн белгилеши же аны кароодон баш тартышы мүмкүн.

Мисал катары юрист Нурбек Токтакуновдун өлкө башчысына каршы жазган доо арызын келтирүүгө болот: биринчи жолкусунда президенттин дал укук коргоочуга кайрылганынын далили жок болгондуктан сот анын арызын кабыл алуудан баш тарткан.

Токтакунов андай далилдерди топтогондон кийин кайрадан доо арыз жазган.

«Өткөн жолкусунда өлкө башчысынын сөздөрүнүн мага тиешелүү экендигинин далилдери келтирилген эмес деп сот арызымды кайтарып берген», — деп жазган ал «Фэйсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчасына.

Эгер сот доо арызды кабыл албаса эмне кылуу керек?

Эгер сиздин арызыңызды кароодон баш тартышса, анда баш тартуунун расмий себебин жоюп, арызды дагы бир жолу берүүгө аракет кыла аласыз — баш тартуунун расмий себеби сизге берилиши керек болгон соттун жообунда көрсөтүлөт.

Дагы бир варианты бар — сиздер баш тартуу чечими боюнча жогорку баскычтагы сотко кайрыла аласыздар. Эгер сиздин доо арызыңызды кароодон райондук сот баш тартса, анда ал боюнча облустук сотко кайрыла аласыздар. А эгер облустук соттон баш тартышса, анда Жогорку сотко барыңыз.