«Открытая Азия» жаңылыктар сайты Кыргызстандын, Казакстандын жана Тажикстандын борборлорундагы кыймылсыз мүлккө болгон баалар тууралуу инфографика түзгөн.

Статистика үч сайттагы маалыматтардын негизинде түзүлгөн: Тажикстандын somon.tj деген жарыялардын онлайн-тактасы, Казакстандын krisha.kz кыймылсыз мүлк сайты жана Кыргызстандын diesel.elcat.kg форумунун кыймылсыз-мүлк бөлүмү.

Инфографикага ылайык, үч борбордун — Бишкек, Астана жана Дүйшөмбүнүн — кыймылсыз мүлк рыногунда белгилүү бир тенденциялар байкалат: казак борборундагы борбордук курулуштарга болгон баалар кыргыз жана тажик борборлоруна караганда кыйла жогору. Бирок ошол эле маалда Бишкек менен Дүйшөмбүдөгү кайра пайдаланылуучу турак жай баалары Астанадагыдан кымбат.

Болжолдуу түрдө Бишкек менен Астананын борборундагы үйлөрдүн баалары бирдей — чарчы метри үчүн 1200-1300 АКШ доллары. Ал эми Дүйшөмбүдө дээрлик эки эсеге арзан. Аны менен катар кыргыз жана тажик борборлорунун четиндеги үйлөрдүн баалары дээрлик бирдей (метри үчүн 460 доллар) жана баасы 1100 долларга чейин жеткен казак борборунун четиндеги үйлөрдөн кыйла арзан.

«Открытая Азиянын» статистикасы боюнча, үч борбордогу турак жай ижарасын эсептөөдө кызык жагдай түзүлгөн: бул көрсөткүч боюнча Бишкек Дүйшөмбү менен Астанадан озуп кеткен, аны менен катар Астана көбүнчө эң кымбат эмес шаар болуп чыккан.

Маселен, шаар борборундагы үч бөлмөлүү батирдин ижара акысы Бишкектин жашоочулары үчүн айына 650, Дүйшөмбүнүн жашоочуларына 500 жана Астананын тургундары үчүн 430 долларды түзөт.

Кыргызстанда ижарачылар шаардын четиндеги бир бөлмөлүү батирге орточо эсеп менен 200 доллар, Казакстанда 180 жана Тажикстанда 150 доллар төлөшөт.

Сүрөт: Andreas Levers/Flickr