Учурда Кыргызстандын мектептеринде окуу жылы ортолоп, мектеп окуучулары кышкы эс алууга чыгышты. Kloop.kgнин кабарчылары аймактардагы балдардын бир айга созулган кышкы эс алуусун кантип өткөрөөрүн билип көрүштү.

Баткен облусу

Шумкар Көк-Талаа айылында 11-класста окуйт. Ага тоого чыгып, муз тээп эс алган жагат. Бирок ал быйыл тоого чыга албай калганын айтат.

Aymaktar_Winterholidays (11)

“Быйыл бүтүрүүчү болгонума байланыштуу ар кандай кошумча курстарда окуп, жалпы республикалык тестке даярданып жатам”, — деди ал.

Амантур болсо Андарак айылында 9-класстын окуучусу. Ал кышкы каникулун көбүнчө спорт менен алектенип өткөрүп жатканын айтты.

Aymaktar_Winterholidays (5)

“Буга чейинки кышкы каникулдарым ушундай эле өтчү. А жайкысын көлгө барып эс алып келчүбүз”, — дейт Амантур.

Көк-Талаа айылында орус тил сабагынан берген Исраил Турдуматов кышкы каникулду көп узартпоо керек эле дейт.

“Себеби жазында каникул көбүрөөк керек болот эле”, — деп эсептейт Турдуматов.

Жалал-Абад облусу

Ооган-Талаа айылынын 9-классынын окучусу Шахсултан эс алуу күндөрүн өз үйүндө өткөзүп жатат. Достору менен чогуу эс алгысы келгени менен ал ата-энесине жардам бериши керектигин айтат.

Aymaktar_Winterholidays (10)

“Мага ата-энеме жардам берип мал карап, отун жарып, суу ташып жана башка жумуштарды жасап эс алган жагат”, — дейт ал.

Ошол эле айылда 8-класста окуган Ооматбек болсо акыркы үч жылдан бери кышкы каникулун Кочкор-Ата шаарындагы санаторияда өткөрөөрүн айтты.

Аталган айылдагы №17 мектептин география мугалими Миргүл Сарбанованын айтымында, каникулду узартуу туура эмес болуп калган.

Aymaktar_Winterholidays (9)

“Себеби бир ай каникул ичинде окуучулар сабактардан начарлайт”, — деп эсептейт Сарбанова.

Нарын облусу

Элмира Асаналиева Куланак айылында физика сабагы мугалими. Анын пикиринде, күзгү каникулду кыскартып кышкы каникулду узартуу туура болгон.

“Себеби кышында кээ бир мектептер суук болот. Ошондуктан көп балдар ооруп калышат эле”, — деп айтып өттү ал.

Учкун айылынын тургуну Нургүл Токоева балдары кышкы каникулду көбүнчө муз аятчасында өткөрөт.

Aymaktar_Winterholidays (6)

“Ал эми бош убактыларында китеп окуп, сабакка даярданышат. Каникулдун узартылганы жакшы болду, ысык үйдө олтурушат”, — деди Токоева.

Бурулча Учкун айылындагы мектептин 10-классынын окучусу. Ал кышкы каникулдун узартылганы жакшы, бирок мунун терс жагы да бар дейт.

“Бир жагынан жакшы, көбүрөөк эс алабыз. Бир жагынан жаман, сабактардан начарлайбыз. Күн жылуу эле болуп жатат, окуй берсек болмок”, — деп эсептейт ал.

Ош облусу

Айсулуу Кызыл-Булак айылындагы Айбашов мектебин быйыл бүтүрөт. Анын кышкы эс алуусу үй жумуштарын жасоо менен өтүүдө.

“Кышкы эс алуумду ата-энемдин жанында эле өткөргүм келет. Айылда жумуш көп. Ошондуктан ата-энеме жардам берип өткөрүүдөмүн”, — деди ал.

Нурлан Ноокат шаарында 10-класста окуйт. Ал кышкы каникулдун узартылганы туура эмес деп ойлойт.

Aymaktar_Winterholidays (3)

“Мектеп тезирээк ачылса деймин. Анткени балдар зээригип, жалкоо боло башташты”, — дейт Нурлан.

Ноокат шаарындагы мектепте физика сабагынан берген Гүлбара Осмонова кышкы каникулдун узактыгы бир жагынан жакшы болду, бир жагынан жакшы окуган окуучуларга кыйын болду дейт.

“Эгерде иштесек жакшы болот эле. Анткени бизде күн жылуу эле. Окуучулар абдан жалкоо болуп көнүштү”, — деп билдирди ал.

Нуржан Исакова Ноокат шаарынын тургуну. Анын балдары кышкы каникулда үйдө китеп окушат, кээде ага мага жардам беришет.

Aymaktar_Winterholidays (4)

“Алардын эс алуусуна колдон келген шарттарды түзүп берип жатам. Китеп сатып бердим. Телевизордон пайдалуу маалыматтарды көрүшөт. Кээде эшикке чыгып ойноп келишет”, — деди Исакова.

Талас облусу

Бекболот Бакай-Ата районундагы Наматбек айылынын 10-классынын окучусу. Кышкы каникулда лыжа тээп эс алгысы келет.

“Бирок каникулду мен ата-энемдин эле жанында өткөрүүдөмүн”, — дейт ал.

Аталган айылдын башталгыч класстарынын мугалими Самара Топубекова кышкы эс алууда балдардын билимин жакшыртуу үчүн ийримдер уюштурулганына токтолду.

Aymaktar_Winterholidays (2)

“Балдар каникул ичинде баарын унутуп калбасын деп биз күнүнө эки саат кружок өтүп жатабыз”, — деди Топубекова.

Чүй облусу

Аяна Кызыл-Туу айылында 7-класста окуйт. Ал да кышкы каникул кыскараак болсо жакшы болмок деп эсептейт.

“Негизи күн жылуу болгондуктан окуй эле берсек болмок. Мектепти дагы сагындык”, — деген оюн айтты ал.

Aymaktar_Winterholidays (12)

Динара Молдалиева Кызыл-Туу айылындагы мектепте кыргыз тили сабагынан берет. Айтымында, каникулдун узартылганынын себеби балдардын ден-соолугуна байланыштуу болгон.

“Каникул суук кезде оорулулардын саны көбөйбөсүн деген ой менен узартылган”, — дейт ал.

8-класстын окуучусу Милананын каникулу жакшы өтүп жатат. Учурда анын каникулу шаарда да, Кызыл-Тууда да өтүп жатканын белгилейт.

“Тоого чыгып лыжа тепкен жагат. Ар дайым эле тоого чыгып эс алам”, — деди Милана.

Ысык-Көл облусу

Барскоон айылында 9-класста окуган Айдай каникулду үй-бүлөсүнө жардам берип өткөзүүнү калайт.

“Кышкы каникул башталгандан бери эле мен үйдө эс алып жатам. Бизде Барскондо муз аянтчасы бар, ошол жака барып турам”, — деп айтты Айдай.

Aymaktar_Winterholidays (7)

Гүлжан болсо Токтоян айылындагы мектепти быйыл аяктайт. Кышкы эс алуусун ал айылда ачылган муз аянтчасында өткөрөт. Бирок үй жумуштарын жасоону да көз жаздымында калтырбайт.

“Анткени айыл жергесинде үй тиричилиги абдан эле көп”, — деди ал.

Aymaktar_Winterholidays (1)

“Балдар айылда эле эс алышы керек. Себеби таза аба, анан кызыктуу болот”, — деген пикирде Токтояндын тургуну Гүлзат Шакирова.

Авторлор: Адина Айылчиева, Айназик Бообекова, Ыймангүл Жаналиева

Сүрөттөр аталган айылдардагы мультимедиа борборунун кабарчыларына таандык