Макулдашуунун шарттары боюнча уюмга мүчө өлкөлөр мүчөлүк акы катары Интерполго жыл сайын 15 миң евродон төлөп турууга милдеттүү, бирок Кыргызстан аны 2002-жылдан бери төлөбөй келет.

ИИМдин басма сөз катчы Эрнис Осмонбаевдин айтымында, Кыргызстандын Интерполдун алдындагы карызы 160 миң еврону түзөт. Өлкө мүчөлүк акыны 2002-жылдан бери төлөй элек. Азырынча республиканы уюмдан чыгаруу маселеси көтөрүлө элек.

Осмонбаев Kloop.kgге курган маегинде Кыргызстандын Интерполго болгон 160 миң евро карызынын эмне себептен төлөнбөй келгендигин билбестигин айтты.

«Кыргызстан дагы деле уюмдун мүчөсү болуп эсептелет жана билишимче азыр ал жактан чыгаруу маселеси көтөрүлбөй эле. Карыздар боюнча айтсам, бул маселе жакында чечилет деген үмүттөмүн. Качан экени — бизге белгисиз. Бирок Интерполдун кыргыз кызматкерлери дагы эл аралык кылмышкерлерди издөө боюнча ыкчам-иликтөө иш-чараларын өткөрүп, өз салымын кошуп келишет», — деди басма сөз катчы.

ИИМдин басма сөз катчысынын маалыматы боюнча, 2015-жылы 60 киши эл аралык издөөгө жарыяланган. Азыркы тапта Интерпол аркылуу Кыргызстандын 312 жараны изделүүдө.

«Кыргызстандын сыртынан 20 киши аныкталып, кармалган», — деп жазылган мекеменин пресс-релизинде.

Кармалгандардын арасында теолог Кадыр Маликовго кол салган эки жаран бар, алар өз күнөөлөрүн мойундарына алышкан.

«Алар алгач кармалганда эле кол салууга катышкандыктарын мойундарына алышканын билем. Азырынча андан башка маалымат жок», — деди Интерполдун Улуттук борбордук бюросунун башчысынын орун басары.

Кылмыш полициясынын эл аралык уюму 1923-жылы түзүлгөн, азыр ага 190 өлкө мүчө. Уюмдун башкы максаты жалпы кылмыштуулукка каршы күрөштө мамлекеттердин укук коргоо органдарынын аракеттерин бириктирүү болуп эсептелет. Кыргызстан уюмга 1997-жылы мүчө болуп кирген.