Токтогул ГЭСиндеги бузулган эки агрегаттын бирөөсү калыбына келтирилди — эми Кыргызстан электр энергиясына болгон муктаждыктарын жаба алат, деп ишендиришти «Электр станциялар» ишканасынан.

Токтогул ГЭСинин 2015-жылдын декабрында бузулган эки блок трансформаторунун бирөөсү оңдолуп бүтүп, 14-январда ишке киргизилди.

Учурда электростанциядагы төрт агрегаттын үчөөсү иштеп жатат.

Кыргызстандагы негизги электр энергиясын өндүрүүчү болуп эсептелген «Электр станциялар» ишканасынын басма сөз кызматынан калыбына келтирилген агрегат буга чейин иштеп келген эки агрегаттын жүктөлүшүндөй эле жүктөлүшкө ээ болорун билдиришти.

ГЭСтин бир агрегатынын кубаттуулугу 300 мегаватты түзөт, үч агрегаты иштеп турганда электростанция кыргызстандыктар үчүн керектүү болгон электр энергиясынын көлөмүн иштеп чыгарууга жөндөмдүү.

«Электр станциялар» ишканасынын басма сөз катчысы Тагжана Айдаралиева эгер электр энергиясы жетишпей кала турган болсо ал Казакстандан сатып ала тургандыктарына ишендирди. Ал маал-маалы менен өчүрүүлөр болбойт деп убадалады.

«Аба ырайы кескин өзгөрүп, электр энергиясы жетишсиз болсо бизде 100 млн. киловаттка чейин электр импортоо боюнча Казакстандын ГЭСи менен макулдашуубуз бар», — деди ал.

Айдаралиеванын айтымында, электр энегриясынын жетишсиздиги узакка созулган суук күндөрдөн улам жаралышы мүмкүн. Анткени кыргызстандыктар электр жылыткычтарын пайдалана баштап, ал жарыкты керектөөнүн көлөмүнө таасир этет. Эки жыл мурда керектөө суткасына 70 млн. киловатт-саатка чейин жетип турган, а өткөн жылы жана быйыл ал көрсөткүч 50-52 млн киловатт-сааттын айланасында кармалып турат.

«Электр станциялар» ишканасынын маалыматы боюнча, электр энергиясын иштетүү үчүн суунун көлөмү жетиштүү.

Азыр Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 10 млрд. 700 млн куб метрди түзөт, бул өткөн жылдагыдан дээрлик 2 млн куб метрге көп.

Оңдолуп бүткөн гидроагрегат өткөн жылдын 23-декабрында жарактан чыккан. Азыр 28-декабрда бузулган дагы бир блок трансформатору оңдолууда. Ал авариялардан улам Чүй облусунун Москва, Жайыл жана Панфилов райондоруна электр энергиясын берүүдө мүчүлүштүктөр жаралган.

Эки агрегат тең жарактан чыккандан кийин «Электр станциялар» ишканасынын башчысынын орун басары Узак Кадырбаев «жаралган кризистүү абалдан» улам өлкөдө маал-маалы менен өчүрүүлөр болушу мүмкүндүгүн билдирген.

Азырынча акыркы агрегаттын качан ишке киргизилээри белгисиз, бирок ишкананын басма сөз кызматы аны оңдоо иштери күнү-түнү уланып жатканына ишендирүүдө.