Базар-Коргон районунун Ооган-Талаа айылында 8 миң гектардай токой аянты бар. Былтыртан бери көзөмөлгө алынгандан кийин токойду кыюу азайганын айтат айыл өкмөт башчысы.

Анда жаңгак бактары менен катар алма, мисте, долоно жана башка дарактар да бар. Отун алгандар жаңгактарга тие албаганы менен башка дарактарды кыйып кетип жатышат.

Айыл тургуну Таирбек Шадыкановдун баамында, учурда токойдо бак-дарактардын саны азаюуда. Ал кийин токойду кайра калыбына келтириш кыйын болоорун айтып, мунун баарын элдин түшүнүгү жоктугуна байланыштырат.

oogantalaa_wood (1)

“Акыркы убакта токойдо өзгөрүү көп. Элдер бак-дарактарды кыркып салышты. Элдин түшүнүгү жок, ошого байланыштуу экологияны бузуп, кыйып жатышат. Айрыкча жер көчкүнү кармап турган дарактарды жок кылышты”, — деп тынчсызданат Шадыканов.

Могол айыл өкмөтүнүн башчысы Эркин Турдукулов бир жылдан бери бактарды кыюу көзөмөлгө алынып, токойдо отун алуу азайганын айтты. Мында токойчунун жоопкерчилиги жогору экенин белгилейт ал.

oogantalaa_wood (4)

“Токойчу элге катуу айтыш керек “кыйбагыла, кургак жерде сынып жатканын алгыла” деп. Мурда Ооган-Талаа айылынын тургундары талаага чыгып дарак отургузушкан болчу. Мындан кийин токойду сактап калыш үчүн токойчулар бөлүнүп, көчөт отургузуп малдарга жегизбей карашы керек”, — деди айыл өкмөт башчысы.

Анткен менен бул айылда акыркы 15 жылдан бери уланып келе жаткан көрүнүш. Максатбек Темиров Ооган-Талаада 35 жылдан бери токойчу болуп иштеп, учурда башка кызматта эмгектенет.

Канчалык калыбына келтирүү иштери жүргүзүлбөсүн, эч кандай алгылыктуу жылыш болбой жатат дейт ал. Темиров бул көрүнүштүн себептерине көңүл буруу керек деген пикирде.

oogantalaa_wood (5)
Сүрөттө Ооган-Талаа айылындагы токой

“Негизи токойду кыюу күч алганы 1997-жылдан башталды. Токойду кыйганынын себеби электр энергиясы менен көмүр кымбат. Өкмөт ошолорду камсыз кылып берсе, элдер жаратылышты бузбайт болчу”, — дейт токойчу.

Токойдо табигый жаңылануу жана жасалма өстүрүү иш-аракеттерин жүргүзүп, жумушчулар көчөттөрдү отургузуп чыккан. “Бирок дарак отургузулса эле малдар жеп салып жатышат” дейт.

“Токойду калыбына келтирүү үчүн мектепке жаратылышты коргоо деген сабакты киргизип койсо жакшы болмок эле”, — деп кошумчалайт Темиров.

Сүрөттүн автору: Заир Таирбек уулу