Төлөгөн Садыров Ысык-Көл облусунун Токтоян айылында ар жылы кышкысын тоодо мал багып келет. Быйыл мал мурункуга караганда арзан, ал эми чыгашасы көп болуп жаткандыгын айтат.

Toktoyan_Baz (2)

Садыровдун жашы кыркка жакындап калды. Чабандык кылып келе жатканына он жыл болду.

Ал ар жылы кыштоо сарайына элдин жалпысынан 200дөй коюн, 20дай уюн анан ондун тегерегинде жылкысын алып, багып берет.

Toktoyan_Baz (3)

Мунун баарын тойгузуу үчүн күнүнө малчы 30 түк чөп бериши керек. Чөбү аз болуп калган учурларда өз малынан сатып, акчасына тоют алат.

Toktoyan_Baz (5)

“Көбүнчөсү кышта малга карышкыр тийгенде — койлорго кол салса ал жеңил эле, бирок бодо малга кол салганда — аны төлөп берээрде кыйналып калабыз”, — деп түшүндүрдү чабан.

Toktoyan_Baz (7)

Садыров айына карап бергенине бир кой-эчки үчүн 20 сом, бир бодо малга 150 сом акы алат. Анын ичинде тоютту камдоо малчынын жоопкерчилигине кирет.

Toktoyan_Baz (8)

Токтоян айылынын башчысы Атабек Албанов кыштодогу малчылар ар бир мал жандыгы менен жайыт үчүн салык төлөп турушаарын айтты.

Toktoyan_Baz (6)

“Жылына малчылар бир бодо малга 50 сом, а бир кой-эчки үчүн 12 сом жайыт комитетине төлөшөт”, — деп билдирди айыл башчысы.

Toktoyan_Baz (4)

Ал эми жайыт үчүн бир гектарына 10 сомдон төлөнөт.

Toktoyan_Baz (1)

Бул каражатты айыл өкмөттүн алдындагы жайыт комитети тоо кыштактарына суу чыгарып, жолун оңдоого жумшаарын кошумчалады Албанов.