Бишкектеги тез жардам станциясынын автопаркы «Nissan» үлгүсүндөгү дагы тогуз тез жардам унаасы менен толукталды.

Жапониянын Кыргызстандагы элчилиги грант боюнча Бишкектеги тез жардам станциясына 100 миллион йен (800 АКШ долларынан ашык) суммасына тогуз тез жардам унаасын белек кылды.

Унааларды тапшыруу салтанатына Бишкектин мэри Кубанычбек Кулматов менен Жапониянын Кыргызстандагы элчиси Такаюки Коикэ катышты.

«Бизде жапон өндүрүшүндөгү тез жардам унааларын берип, аны менен жеринде биринчи медициналык жардам көрсөтүүдөгү жана оорулууларды бардык талаптарды сактоо менен ооруканга жеткирүүдөгү абалды жакшыртууга көмөктөшүү мүмкүнчүлүгү бар экенине кубанычтамын», — деди элчи.

Калаа башчысы Кулматовдун айтымында, жыл соңуна чейин Германиядан дагы беш тез жардам унаасын алып келүү пландалууда.

«9 тез жардам унаасын алуу — бул көп күчтү талап кылган бир жарым жылдык эмгек. Бүгүн биз тез жардам көрсөтүүгө өзгөчө көңүл бургубуз келүүдө. Жакында анын техникалык абалы шаарыбыздын бардык талаптарына дал келгидей болот деген үмүттөбүз. Анткени жарандарыбыздын өмүрү менен саламаттыгы сиздердин жумушка көз каранды эмеспи», — деп белгиледи мэр.

Расмий маалыматка ылайык, учурда Саламаттыкты сактоо департаментинин балансында 62 тез жардам унаасы бар.

2015-жылдын октябрында тез жардам кызматынын реанимация бөлүмүнүн жетекчиси Егор Борисов kloop.kgге курган маегинде Бишкектин жашоочуларын өз учурунда медициналык жардам менен камсыз кылуу үчүн 100гө жакын унаа керек экенин билдирген.

Видео: Владимир Цай