Республикачы, Кентукки штатынан сенатор Рэнд Пол Конгресске «жогорку деңгээлдеги тобокелдик» бар 34 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарынын АКШга виза алуу мөөнөтүн көбөйтүүнү сунуштады. Азырынча мыйзам долбоору кабыл алына элек

Эгер мыйзам долбоору кабыл алынса кыргызстандыктар үчүн визаларды кароо мөөнөтү 30 күнгө чейин көбөйтүлөт. Азыр АКШга визаны тиешелүү документтерди тапшырып, элчиликте аңмелешүүдөн өткөндөн кийинки күнү эле алууга болот.

Рэнд Пол
Рэнд Пол

Республикачынын пикиринде, качкындар программасы менен, ошондой эле башка шылтоолор менен АКШнын аймагына экстремисттердин кирип кетишинин алдын алуу үчүн жогорулатылган көзөмөл киргизүү зарыл.

Мыйзам долбоорун толугу менен окуу (англис тилинде)

Документ АКШ парламентинин кароосуна 2015-жылдын 30-ноябрында эле киргизилген. «Жогорку деңгээлдеги тобокелдик бар өлкөлөрдүн» тизмесине Кыргызстанды жана КМШ, Жакынкы Чыгыш жана Африка өлкөлөрүн киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору азырынча кабыл алына элек.

Ошондой эле мыйзам долбоорунун кабыл алынышы Мамлекеттик департаментке аталган тизмеге киргизилген өлкөлөрдөн качкындарды кабыл алууга убактылуу мораторий киргизүү укугун берет.

Мыйзам долбоорунун сенатор тарабынан өткөн жылдын ноябрында эле сунушталганына карабастан кыргыз маалымат каражаттарында ал эми гана резонанс жаратты. Ага кыргыз ЖМКларынын көңүлүн мыйзам долбоорунун кабыл алынышынын орусиялыктарга кандай терс таасирлери боло тургандыгы жөнүндө жазылган Орусиянын «Известия» гезитиндеги макала бурду.

Рэнд Полдун «жогорку деңгээлдеги тобокелдик бар өлкөлөрүнүн» тизмесине кире турган мамлекеттер:

Ооганстан;
Алжир;
Бахрейн;
Бангладеш;
Египет;
Эритрея;
Индонезия;
Иран;
Ирак;
Иордания;
Казакстан;
Кувейт;
Кыргызстан;
Ливан;
Ливия;
Мали;
Марокко;
Нигерия;
Түндүк Корея;
Оман;
Пакистан;
Катар;
Сауд Аравиясы;
Сомали;
Судан;
Сирия;
Тажикстан;
Тунис;
Түркия;
Бириккен Араб Эмираттары;
Өзбекстан;
Йемен;
Палестин аймактары.

Сүрөт: AIR FORCE ONE/Flickr