Белгисиз адамдар Эльдана Сатыбалдиевага таандык @eldana_foureys деген ник менен белгилүү Кыргызстандагы эң популярдуу инстаграм-эккаунтту үчүнчү жолу бузуп ачышып, бул жолкусунда да анын баракчасындагы бардык билдирүүлөрдү өчүрүп салышты.

Эльдана Сатыбалдиева Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде эккаунтка кирүү мүмкүнчүлүгү калыбына келтирилгендигин айтты.

«Менин баракчама дал өткөндөгүдөй жол менен бузуп киришкен, аны араңдан зорго калыбына келтирдим»,— деди Сатыбалдиева.

Айтымында, ал жакынкы убактарда баракчасына жаңы билдирүүлөрдү чыгарбайт, анткени аны кайрадан бузуп ачуулары мүмкүн деген тобокелдик бар.

Эльдананын аккаунтунун бузулуп ачылгандыгы тууралуу анын курбусу, модель Айжан Асемованын билдирүүсүнөн кийин белгилүү болду.

«Бир нерсени тушүнбөйм… Эльдананын баракчасын эмнеге жана кантип бузуп ачып жатышат? Бул таптакыр туура эмес»,— деп жазган Асемова өз баракчасына.

Биринчи жолу Сатыбалдиеванын эккаунтун 6-январь түнү бузуп ачышкан. Анда анын күйөрмандары аң-таң болушуп, #Эльданамыстобой деген хэштег менен билдирүүлөрдү жазып, өз колдоолорун көрсөтүүгө аракет кылышкан.

«Бул менин жашоомдогу эң жаман 12 саат болду окшойт. Балким силер бул жөн гана баракча, мынчалык кайгыруунун кереги жок деп ойлошуңар мүмкүн. Жок! Мен үчүн бул күн сайын миңдеген адамдар тарабынан ачылып жаткан жөн гана баракча эмес болчу. Мен ал профилди 10-класстан бери пайдаланып келгем. Инстаграм аркылуу менин кантип өсүп, кандай болуп өзгөргөндүгүмдү көрүүгө мүмкүн болчу», — деп жазган анда Сатыбалдиева «Инстаграмдагы» экинчи баракчасына.

Эльдананын айтымында, биринчи жолкусунда эккаунтун бузуп ачкандар блог бекитилген электрондук даректи да өзгөртүп салышкан — бул тууралуу ал почтасына келген эскертүүдөн билген.

Анда видео-блогдун жазылуучуларынын көбү Сатыбалдиева бардык видеолорун өчүрүү менен «өзүн пиар кылды» деп божомолдошкон.

Эльдана интернетте күлкүлүү кыска видеолордун автору жана 500 миңден ашык колдонуучу жазылган Кыргызстандагы эң көп окурманы бар инстаграм-эккаунтунун ээси катары белгилүү.