Орусиянын валюта базарында доллардын курсу бир доллар үчүн сексен рублге чейин көтөрүлдү. Эксперттер жыл соңуна чейин доллар 210 рублге чейин жогорулашы мүмкүндүгүн билдирип жатышат.

Орусиянын Борбордук банкы тарабынан доллардын курсу 78,48 рубль деп белгиленген, эртең доллар 79, 46 рублге чейин кымбаттайт. Акча алмаштыруу жайлары менен банктар долларды бүгүн эле 80 рублден сатып жатышат.

23

«Америка Банкы» (АКШдагы ири банк холдинг компаниясы — редакциянын түшүндүрмөсү) 2016-жылга карата рублдин сомго болгон катнашын эсептеп чыккан — америкалык эксперттер рублдин курсунун төмөндөшүн мунайга болгон баалардын төмөндөшү менен байланыштырышууда.

Алардын эсептөөлөрү боюнча, эгер мунайдын баррелине болгон баа 25 АКШ долларына чейин төмөндөмө, анда бир АКШ доллары 210 рубль болуп калат.

Орусиянын экономикалык өнүгүү министри Алексей Улюкаев алар «Америка Банкынын» эсетөөлөрү туура болуп калса деп стресстик сценарий иштеп чыгып жаткандыктарын билдирди.

«Биз кандай гана күтүлбөгөн учур болбосун даяр туруу үчүн стресстик сценарий даярдап жатабыз. Азыр баррели үчүн 25 долларга чейинки деңгээлге да эсептөөлөрдү даярдоонун үстүндөбүз», — деди ал «Россия 24» телеканалына курган маегинде.

Мунайга болгон баалар Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик (МАГАТЭ) Ирандан санкцияларды алгандыгы тууралуу жаңылыктан кийин төмөндөп баштаган. Эксперттер баанын түшүшүн пайда болгон «дүрбөлөңгө» байланыштырып жатышат.

«Бир нече долларга төмөндөгөндүгү чыныгы абалга эмес, а көбүнчө психологиялык факторлор менен шартталган болушу керек», — деген пикирин билдирди KPMG мунай-газ консалтинг практикасынын жетекчиси Антон Усов «Дождь» телеканалына.

МАГАТЭ (Атом энергиясы боюнча эл аралык агенттик) - атом энергиясын тынчтык максаттарда пайдалануу тармагындагы кызматташууну өнүктүрүү үчүн түзүлгөн эл аралык уюм. Агенттик БУУнун системасында көз карандысыз өкмөттөр аралык уюм катары негизделген, а Өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу келишимдин пайда болушу менен анын иши жаңы мааниге ээ болгон. Анткени Өзөктүк куралды жайылтпоо тууралуу келишим ага мүчө ар бир өлкөнү МАГАТЭ менен кепилдик тууралуу келишим түзүүгө милдеттендирген.

«Сомго анча таасир этпейт»

Макроэкономика боюнча эксперт Болот Орузбаевдин пикиринде, рублдин азыркы улуттук валютадан төмөн түшүшү Кыргызстанга караганда Орусиянын экономикасы көбүрөөк көз каранды болгон сырткы факторлорго байланыштуу.

«Орусия сырткы факторлорго абдан көз каранды. Эң башкысы — ал эл аралык базарга сатып жаткан мунайга болгон баалар. Ал болсо валюта курсуна таасирин тийгизет. Акыркы жылы мунайга болгон баалар кыйла төмөндөп кетти» , — деди эксперт Kloop.kgге курган маегинде.

Орузбаев сом көбүнчө долларга байлангандыгын, ошондуктан рублдин курсу сомго анча таасир этпестигин кошумчалады.

«Биздин ИДӨнүн (ички дүң өнүм) түзүмүнө карагыла, 60%дан ашыгы — бул кызмат көрсөтүүлөр. Бурок мында дагы бир учур бар, менимче, Улуттук банк сомду куткаруу үчүн эки апта ичинде 30 миллион долларга жакын доллар чыгарды окшойт. Албетте, мындай өлкө үчүн бул көп деле эмес», — деди ал.

Орусиянын Борбордук банкы доллар 90 рублге чыкмайынча интервенцияларды жасоону пландабай эле. Кыргызстандын Улуттук банкы бир айдан ашык убакыттан бери «чоң эмес» интервенцияларды жасап, долларды 76 сом көрсөткүчүндө кармап турат.

КирТаг маалымат агенттиги президент Алмазбек Атамбаевдин пикиринде, дүйнөлүк каатчылык шартында сом өзүнүн атаандаштыкка жарамдуу экенин көрсөткөнүн билдирди.

Ошол эле маалда өлкө башчысы улуттук валютанын башка валюталардын алдында өзүнүн атаандаштыкка жарамдуулугун кантип көрсөткөндүгүнүн такталган факторлорун атаган жок. Жүйөдалил катары ал өлкөдө революциялардын болбогондугун келтирди.

«Божомолдорго карабастан айрым өлкөлөрдүн улуттук валюталары 2-5 эсеге төмөндөдү. Кыргыз сому болсо өзүнүн атаандаштыкка жарамдуу экенин көрсөтүп, өзүнүн ырааттуу өнүгүүсүн улантып жатат», — деди Атамбаев «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясында мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу маалында.