Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев жаныбарларды сактоо ар бир жарандын милдети экендигин билдирди. Ал мындай билдирүүсүн Ысык-Көл облусунда мергенчи карышкыр экен деп илбирсти атып өлтүргөндөн кийин жасоодо.

Кыргызстандын премьер-министри Темир Сариев өлкө аймагында сейрек кездешүүчү жаныбарларга мыйзамсыз аңчылык кылгандарга каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Өкмөт башчысы жаныбарларды коргоо өлкөнүн ар бир жаранынын милдети экенин белгилеп, бул жаатта бардык жарандар биргеликте иш алып барышы керектигин билдирди.

«Сейрек кездешүүчү жаныбарларды атуу боюнча ишке көзөмөлдү күчөтүп, мыйзамдын чегинде жазалоо зарыл», — деди Сариев.

Премьер-министрдин бул билдирүүсү Ысык-Көл облусунда илбирсти атып өлтүргөн мергенчи кармалгандан кийин жасалууда

Илбирсти коргоочулар окуяны «кыжырды кайнаткан окуя» деп аташып, ал өлкөнүн беделине терс таасирин тийгизет эсептешет.

Ак илбирс жоголуп бара жаткан жаныбарлардын катарына кирет жана Кызыл китепке киргизилген. Ал Кытай, Монголия, Непал, Тажикстан, Ооганстан, Казакстан жана Өзбекстандын аймактарында жашайт.

Түрдүү эсептөөлөр боюнча, Кыргызстанда илбирстин 200гө жакыны жашайт. Өлкөдө аны атууга тыюу салынган.