Кыргызстандын атайын кызматы 4,4 млрд. сом (58 млн. доллар) каражаттын изин жашырган каналдын жолу буулгандыгын билдирди. Тергөөнүн версиясы боюнча, акчалар «Аманбанк» жана «Росинбанк» банктары аркылуу Латвия менен Кытайга чыгарылып келген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Ошто кылмыштуу 44 млрд. сомдук кирешенин (20-январдагы расмий курс боюнча 58 млн. АКШ доллары) изин жашыруу боюнча каналды аныкташты.

Атайын кызматтагылардын билдирүүсү боюнча, акчалардын изин жашыруу менен «Аманбанктын» Оштогу өкүлчүлүгүнүн эки кызматкери алектенишкен. Алар «Беркут Строй» деген компания негиздеп, ага «Аманбанк» менен «Росинбанктан» эсеп ачышкан.

УКМК ал компания Кытай менен Латвиядан курулуш материалдарын сатып алууга жалган келишимдерди түзүп, ал жактарга акча жөнөтүп тургандыгын билдирди. Аны менен катар компаниянын өзү Салык кызматына нөлдүк көрсөткүч менен отчет берип келген.

Атайын кызматтагылардын билдирүүсү боюнча, ал схема 2014-жылдын январынан октябрына чейин иштеп, «Беркут Стройдун» алыш-бериш эсеби аркылуу 4,4 млрд. сом которулган.

«Алар [«Аманбанктын» кызматкерлери] белгилүү бир адамдар менен кызыктыруучу сыйакы үчүн Кыргыз Республикасына аткезчилик жол менен келген акча каражаттарын чет өлкөгө жөнөтүп турушкан», — деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө.

УКМКдан акчалардын кайсыл чет өлкөлүк банктарга которулганын айтуудан баш тартышты.

«Кылмыштуу кирешелердин изин жашыруу, жалган ишкердик, аткезчилик, коммерциялык же башка уюмдун кызматкеринин кызматтык абалын ашыкча пайдаланышы» фактылары боюнча кылмыш иши козголду.

Кыргызстандын Улуттук банкынан Kloop.kgге «[каражаттын изин жашыруу] фактыны учурдагы мыйзамдардын чегинде карап чыга тургандыктарын» билдиришти.

«Аманбанкка» карата 17-январда түз көзөмөл киргизилген. Бирок Улуттук банктын билдирүүсү боюнча, ал чечим «жеке баалардын негизинде» кабыл алынган — анын каражаттын изин жашыруу тууралуу билдирүүгө байланыштуу болгон-болбогондугу белгисиз.

«Аманбанктын» өкүлү Kloop.kgге атайын кызматтагылар тарабынан айтылган айыптоолорду «негизсиз» деп атады. Ал бул боюнча кийинчерээк кенен жооп берүүнү убадалады.

Документтерге 500 сом берип кол койдурушкан

Kloop.kgнин редакциясы бул иштин эки фигуранты — «Аманбанктын» мурдагы кызматкери Ш. С. жана «Беркут Строй» компаниясынын негиздөөчүсү Каныбек М. менен байланышты.

Каныбек Kloop.kgге курган маегинде компания чынында эле анын атына ачылганын ырастады. Бирок айтымында, ал «Беркут Стройдо» эч кандай ишмердүүлүк менен алектенген эмес, а болгону документтерге кол коюп келген.

«Мага: «Кел, бирге компания ачабыз, а банк иштери менен биз алектенебиз», деп айтышкан. Мен банк иштери тууралуу таптакыр эч нерсе билбейм», — деди ал.

Уюмдаштыруу документтерине ылайык, «Беркут Строй» компаниясы 2014-жылдын 18-январында Каныбектин үйүнүн дарегине катталган.

Негиздөөчүнүн айтымында, ал документтерге үч-төрт жолу кол коюп берген — ага досу, «Аманбанктын» башкы бухгалтери телефон чалып, документтерге кол коюу үчүн банктын Оштогу өкүлчүлүгүнө чакырган.

«Мен документтерге кол койгондо мага досум телефон чалып: «Кол коюп берчи» деп айтчу. Мен кол койгондон кийин мага 500 сом беришчү. Анын эмне экенин өзүм да билбейм», — деди ал.

Каныбектин айтымында, документтер боюнча «Беркут Строй» Орусиядан курулуш материалдарын, туш кагаздарын алып келүү менен алектенет. А өзү болсо жергиликтүү базарда курулуш материалдарын сатып иштейт.

Каныбектин досу, «Аманбанктын» мурдагы кызматкери Ш. С. Kloop.kgге курган маегинде акчаларды ким жана кайсыл жакка которгондугун билбестигин айтты. Ал кезде ал «Аманбанктын» Оштогу өкүлчүлүгүндө башкы бухгалтер болуп иштеген.

«Мен анда кардарлардын которуулары менен кимдин алектене турганын билбейм. Ал которуулар, насыялар менен алектенгендердин бөлүмү. А меники жалпы көзөмөл. Мен кардарлар менен иштешпейм», — деди ал.

Айтымында, «Беркут Строй» компаниясы анын эсинде, бирок Каныбек М. дегендин ким экени так эсинде жок.

«Акчалар Кытайга, Прибалтика өлкөлөрүнө которулган деп айтып жатышат. так билбейм. […] Ооба, менимче андай компания [«Беркут Строй»] бизде тейленген болуш керек. А Каныбектики [тейленген же тейленбегендиги] эсимде жок. Азыр мен ушундай бир абалда турам… айта албайм», — деди ал.

Акчалардын изин жашыруу иштеринде латвиялык банктар биринчи жолу фигурант болушпай эле.

2012-жылдын августунда Орусиянын «Новая газетасы» менен америкалык Barron’s жана Уюшкан кылмыштуулук менен коррупциялык көрүнүшктөргө каршы күрөшүү борборунун журналисттеринин биргелешкен иликтөөсү Латвия банктарына Орусиянын бюджетиндеги изи жашырылган миллиарддаган долларлардын түшкөнүн көрсөткөн.

Сүрөт: vb.kg