Жактоочу Амаль Клуни Европанын Адам укуктары боюнча сотунда азербайжандык журналист Хадиджи Исмаилованын кызыкчылыктарын коргогусу келип жатканын билдирди. Исмаилова өлкө президенти Ильхам Алиевдин үй-бүлөсүнө карата иликтөө жүргүзгөндөн кийин жети жарым жылга соттолгон.
19-январда «Радио Свобода» жаңылыктар порталы эл аралык юрист Амаль Клуни Адам укуктары боюнча Европа сотунда Исмаилованы коргогусу келип жаткандыгын билдирди.
«Радио Свободанын» азербайжан бюросунда иштеген Исмаилованын өзү менен анын жактоочусу Клунинин сунушу боюнча ойлонуп көрө тургандыктарын айтышты.
Голливуд актеру Жорж Клунинин жубайы Амаль Клуни эл аралык сот түзүмдөрүндө жана Эл аралык кылмыш сотунда юридикалык кеңешчи катары иштегендиги менен белгилүү.
2014-жылы Клуни Европанын Адам укуктары боюнча сотунда Украинанын мурдагы премьер-министри Юлия Тимошенконун кызыкчылыктарын коргоп, ага тагылган айыптардын саясий жүйөлөр менен болгондугун далилдеген. Андан сырткары Клуни жактоого алгандардын арасында «Викиликстин» негиздөөчүсү Жулиан Ассандж да бар.
Исмаилова президент Ильхам Алиевдин үй-бүлөсүнө карата иликтөөлөрдү жүргүзгөндөн кийин жети жарым жылга соттолгон.
Анын иликтөөлөрү Алиевдердин үй-бүлөсү компаниялардын чынжырчасы аркылуу Азербайжандагы ири банктардын 3 млрд. долларлык активдерин башкара тургандыгын көрсөткөн.
Исмаилова да мүчө болгон Коррупциялык көрүнүштөр менен уюшкан кылмыштуулукту изилдөө борбору (OCCRP) журналистти бошотуу талабы менен атайын кыймыл түзгөн.
Уюм ишмердүүлүгүнүн бир бөлүгүн Азербайжандагы коррупциялык көрүнүштөрдү иликтөөгө арнап, ал үчүн өзүнө веб-сайт түзгөн.