«Ата Мекен» фракциясы автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздандырууну киргизүүнүн мөөнөтүн 2020-жылга чейин жылдырууну сунуштаган мыйзам долбоорун даярдап жатат. Фракция депутаты Наталья Никитенко мыйзам тийиштүү убакта кабыл алынган эмес деп эсептейт.

Өлкөдө «абдан оор абал» түзүлүп, «ЕАЭБ боюнча коңшулардын татаал экономикалык абалын эске алганда» азыр кыргызстандыктарга «кыйла чоң жүк артылууда», деп эсептейт «Ата Мекен» фракциясынан депутат Наталья Никитенко.

«Дал ушундай оор мезгилде [өкмөт] камсыздандыруу төлөмдөрү түрүндөгү жүктү артып жатат, азыр өкмөт менен камсыздандыруу компанияларынын ортосундагы өз ара аракеттешүү механизмдери иштелип чыга элек. Бул калкта нааразычылык менен күмөн саноолорду жаратып жатат», — деди ал.

Никитенко Жогорку Кеңеш бул маселеге цивилдүү өлкө катары мамиле кылып, автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздандырууну ага жарандар менен өкмөт даяр болгондон кийин киргизүү керек деп эсептейт.

«Биз камсыздандыруу төлөмдөрүн 2020-жылдан баштап милдеттүү кыла турган жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгып атабыз. 2020-жылга чейин экономиканын өсүүсү кагазда гана болбостон, жарандар тарабынан да сезилиши керек», — деди депутат Kloop.kgге курган маегинде.

Анын партиялашы Алмамбет Шыкмаматов парламент радиосунун эфиринде милдеттүү камсыздандырууну беш камсыздандыруу компаниясы «сүрөмөлөгөн болушу мүмкүндүгүн» билдирди.

«Өнүгүү-Прогресс» фракциясынан депутат Мирлан Бакиров дагы парламенттин пленардык жыйынында сөз сүйлөп жатып өлкөдөгү социалдык-экономикалык көйгөйлөрдү эске алуу менен автоунааларды жана турак жайларды милдеттүү камсыздандырууну киргизүүнү токтото турууну сунуштады.

Өкмөт автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздоону киргизүүнү жыл сайын өлкөдө экинчилик базардан сатылып алынган (10 жылдан ашык пайдаланылган) унаа каражаттарынын саны көбөйүп, ал унаа башкаруудагы айдоочулардын төмөнкү маданий деңгээлине кошулуп жол кырсыктарынын көбөйүшүнө алып келип жатканы менен аргументтештирген. Өкмөттөгүлөр милдеттүү камсыздандыруу айдоочуларга жол кырсыгындагы чыгымдардын ордун толтурууга жардам берет деп эсептешет.

«Авунааларды милдеттүү түрдө камсыздандыруу тууралуу» мыйзам V чакырылыштын депутаттары тарабынан кабыл алынган. Документке президент Алмазбек Атамбаев кол койгон. Мыйзам ушул жылдын 1-февралынан тарта иштеп баштайт.

Кыргызстандын жарандары каттоодон өткөн беш камсыздандыруу компанияларынын биринен камсыздандыруу полисин алууга милдеттүү болушат.

Автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздандыруу полисинин баасы автоунаанын кыймылдаткычынын көлөмү, айдоочунун жаш курагы, айдоо тажрыйбасы жана кырсыкка кабыла элек мөөнөтүнүн узактыгына жараша ар бир унаа каражатына өзүнчө эсептелинет.

Автор: Азамат Каработоев