Мамлекеттик салык кызматы 700 литрден ашык алкоголду Бишкектеги канализацияга төктү — мындай жол менен фискалдык кызмат акыркы төрт жыл ичинде мыйзамсыз сатыктан алынган спиртти жок кылууда.

Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери 21-январда 700 литрден ашык алкоголду жок кылышты. Алардын арасында арак, коньяк, бальзам, сыра жана шарап ичимдиктери бар болду.

Бул салык кызматынын контрафактылык алкоголду жоготуу боюнча алгачкы иш-чарасы болду — мыйзамсыз сатыктан алынган 700 литрден ашык спирт ичимдиги Бишкектин борбордук канализациясына төгүлдү.

Салык кызматы алкогол базарын көзөмөлдөө менен 2012-жылдын февралынан тарта гана алектенип баштаган, деп түшүндүрдү мекеменин кызматкери Айгүл Закирова. Андан бери сатыктан алынган алкогол толугу менен кызматтын терминалында — мекеменин короосундагы контейнерде сакталып турган.

Спирт ичимдиктери жок кылынгандан кийин Салык кызматы алардын бөтөлкөлөрүн айнек алуу жайына өткөрүп, акчасын мамлекеттик бюджетке тапшырат.

Жок кылынган алкогол продукциялары мыйзамсыз сатылып жаткан дүкөндөрдөн алынган, деп билдирди Мамлекеттик салык кызматынын укуктук маселелер боюнча башкы адиси Жаныбек Иманкулов.

«Адамдар спирт ичимдиктерин тастыктамасы, коштомо кагазы жана лицензиясы жок жасалма акциздик маркалар менен сатып жатышат», — деди ал.

Закирова Салык кызматы 2015-жылы мыйзамсыз сыра өндүргөн бир заводду аныктагандыгын белгиледи.

Жок кылынган 700 литр спирт ичимдигинен сырткары дагы 150 литрден ашыгы этил спирти болуп иштетилген — алар 37 миң сомдон ашык суммага сатылган. Түшкөн акча бюджетке берилет.

Салык кызматынын инспекторлору 2015-жылы өткөргөн рейддеринин жүрүшүндө мыйзамсыз сатылып жаткан 200 миңден ашык бөтөлкө алкогол алышкан — алардын жалпы баасы 20 млн. сомдон ашат.

Жасалма акциздик марка менен жана лицензиясы жок алкогол сатуу үчүн соодагерлерге каршы 17 кылмыш иши козголуп, дагы сегиз факты боюнча тергөө жүргүзүлүп жатат.