Кыргыз парламентинин жаңы, VI чакырылышынын депутаттары жакынкы айларда «гейлерге каршы» же «гей-пропагандага каршы» делген мыйзам долбоорун үчүнчү окууда кароого даярданып жатышат.

«Пикир» рубрикасындагы материалдардын авторлорунун көз караштары Kloop.kgнин позициясы менен дал келбеши мүмкүн. Автору: Kloop.kgнин негиздөөчүлөрүнүн бири Бектур Искендер.

Бул мыйзам долбоору кабыл алынбашы керек. Мен буга чейин ал күчүнө кирген алгачкы күндөн тартып эле аны көрсөтмөлүү түрдө бузам деп бир нече жолу убадалагам.

Мен аны гомосексуалдуулукта эч кандай жаман нерсе жана кылмыштуулук жок деп эсептегендиктен гана жасабайм.

Бул мыйзам долбоору биринчи кезекте лесбияндар, гейлер, трансгендер жана бисексуалдарга каршы багытталган эмес.

Ал журналисттер, дарыгерлер, укук коргоочулар, жалпы эле өзүнүн кандайдыр бир оюн билдирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ бардык адамдарга көбүрөөк коркунуч туудурат (а мен бул көрсөткүчтү жүз пайызга жакын деп ойлойм)

ЛГБТ-коомчулугундагы адамдарга Кыргызстанда жашоо азыр эле оор болууда. Коомдук кодулоодон сырткары алар дайыма милиция тарабынан максатка багытталып жасалган зомбулуктарга кабылышат. Мисалы, ошондуктан мен бул мыйзам долбоору алардын ансыз деле начар жашоосун кыйла оорлотот деп шектенип жатам.

Эгер мыйзам күчүнө кире турган болсо, анда ал бийликтин колун бошотот, бийликтин мыйзамда жазылган өтө так эмес жана карама-каршылыктуу туюндурмалардын негизинде өзүнө жакпаган каалаган адамды түрмөгө камап коюусуна шарт тузөт.

Эмнеге «гейлерге каршы» мыйзам долбоору эч качан кабыл алынбашы керек? 

Мыйзам долбоору логика менен достошпойт 

Эгер мыйзам кабыл алынса, анда Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексине мисалы мына мындай берене киргизилет: 

Курманбек Дыйканбаев, V чакырылыштын депутаты, мыйзам долбоорунун авторлорунун бири.
Курманбек Дыйканбаев, V чакырылыштын депутаты, мыйзам долбоорунун авторлорунун бири.

«Салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоо, тактап айтканда, жалпыга маалымдоо каражаттарын, анын ичинде интернетти пайдалануу менен же жашы жете элек өспүрүмдөрдүн арасында жарандарда бир жыныстуу адамдардын сексуалдык байланыштарына карата жакшы пикир жаратууга багытталган маалыматтарды таратуу, —

отуздан алтымышка чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмүндөгү айып менен же алты айдан бир жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу жазасы менен жазаланат»

Биздин депутаттардын тынчын алып жаткан «бир жыныстуу адамдардын ортосундагы сексуалдык байланыштарда» зомбулук же коркутуу элементтери жок болсо («ар башка жыныстагы адамдардын ортосундагы сексуалдык мамилелер» сыяктуу эле) Кыргызстанда кылмыш болуп эсептелбейт.

Ошондуктан мыйзам долбоорунун авторлоруна бере турган менин негизги суроом төмөндөгүдөй: кылмыш болуп эсептелбеген нерсеге карата жакшы пикир жаратуу кантип жазаланышы мүмкүн?

Мен депутаттардын ал үчүн түрмөгө камаганы жаткандыктарынын сандырактыктыгы тууралуу айтпай элем.

Андан ары кеттик. Кийинки текст мыйзам долбоору кабыл алынып калса административдик жоопкерчилик тууралуу кодексте пайда болот:

«Салттуу эмес сексуалдык мамилелерди калыптандыруу, алардын жагымдуулугу, салтуу жана салттуу эмес сексуалдык мамилелердин социалдык бирдейлиги тууралуу бурмаланган түшүнүккө багытталган салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоо, же салттуу эмес сексуалдык мамилелерге кызыгуу жарата турган (эгер ал аракеттерде кылмыш жоопкерчилиги каралбаган белгилер болбосо) салттуу эмес сексуалдык мамилелер тууралуу маалыматтарды таңуулоо үчүн —

жеке адамдарга сегизден он беш эсептик көрсөткүч, юридикалык тараптарга жүздөн үч жүзгө чейинки эсептик көрсөткүч өлчөмдөгү административдик айып пул салынат.

Кошумча маалымат. Салттуу эмес сексуалдык мамилелер дегенде бир жыныстагы адамдарга карата болгон сексуалдык ынтызарлыкка жана алардын ортосундагы сексуалдык байланыштарга негизделген индивиддердин ортосундагы мамилелерди түшүнүүгө болот. 

Кыргызстан кол койгон бир дагы эл аралык мыйзамда жана Кыргызстандын өзүнүн мыйзамдарынын биринде дагы «салттуу эмес сексуалдык мамилелер» деген аныктама жок.

Алгач беренеге тиркелген бул кошумча маалымат жок болгон. Өз кезегинде ал бизге «салттуу эмес сексуалдык мамилелер» дегендин өзү эмне? Эркек менен эркектин же аял менен аялдын жыныстык катнашта болуусубу? Балким эркек менен аялдын никеге чейинки сексуалдык мамилесидир? Же болбосо эрекетин же аялдын никесиз башка бирөөлөр менен жыныстык катнашта болуусубу? деген сыяктуу көптөгөн суроолорду узатуубузган себеп болуп келген.

Биз бул суроолорубуз менен депутаттарды тажатып жибергенден кийин алар кошумча маалымат кошушкан. Бирок мыйзам долбоору андан да күлкүлүүрөөк болуп калды. 

Анткени адамдарга бир жыныстууларга болгон ынтызарлыкка негизделген мамилелердин жагымдуулугун калыптандыруу үчүн айып салына турган болууда.

Мен жогоруда жазгандай (аны дагы миң жолу кайталоого даярмын), бир жыныстуулардын ортосундагы секс кылмыш болуп эсептелбейт. Анын жагымдуулугун калыптандыруу үчүн кантип айып салууга болсун? 

Ошондой болсо да мыйзам долбоорунун логика менен жүйөлүү ойго карата келишпестигинен сырткары андан да олуттуураак көйгөйлөрү бар.

Мыйзам долбоору андан жогору турган башка мыйзамдарга каршы келет

Болгондо да кеп ал мыйзам долбоору талашсыз каршы келген Конституция жөнүндө гана болбой эле. Конституциядан жогорку макамга ээ эл аралык мыйзамдар бар. 

Мыйзам долбоору Конституцияга гана эмес, ошондой эле эл аралык мыйзамдарга да каршы келет. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы.
Мыйзам долбоору Конституцияга гана эмес, ошондой эле эл аралык мыйзамдарга да каршы келет. Сүрөт: президенттин басма сөз кызматы.

Кыргызстан БУУнун мүчөсү катары кезинде Жарандык жана саясий укуктар, экономикалык, маданий жана социалдык укуктар тууралуу эл аралык пактыларга кол койгон.

Ал пактылардын бир бөлүгү болуп Адам укуктарынын жалпы декларациясы эсептелет. Кыргызстан эки пактыны тең сакташы керек, демек, адам укуктарынын декларациясында жазылган жоболорду да сактоого милдеттүү.

Гейлерге каршы мыйзам долбоору декларациядагы беренелердин бир тобуна каршы келет. Мен кээ бирлерин гана мисал келтирем.

Мына, Адам укуктарынын декларациясынын 19-беренеси: 

«Ар бир адам ишеним эркиндигине жана алар тууралуу эркин айтуу укугуна ээ; бул укук өз ишенимдерин тоскоолдуксуз кармануу эркиндигин, мамлекеттик чек араларга карабастан кандай гана жол менен болсо да маалыматтар менен идеяларды издеп, алып жана таратууну камтыйт.»

Гейлерге каршы мыйзам долбоору биринчи кезекте дал ушул беренеге каршы келет, анткени ал тыюу салып жаткан эң башкы нерсе — бул гомосексуалдуулуктун эч жаман жери жок экендиги тууралуу айтуу.

(Мисалы, мен гомосексуалдуулуктун эч кандай жаман жери жок жана болушу мүмкүн эмес деп эсептейм, анткени ал ориентация башкаларынан эч айырмаланбайт. Бирок мен гомофоб болгон күндө деле эмнеге башка бирөө мындай деп эсептей албашы керек?)

Аны менен катар гейлерге каршы мыйзам долбоору өз пикирин билдирүүгө гана эмес, ошондой эле андай пикир камтылган маалыматтарды таркатууга да тыюу салууда. Болгондо да — мен муну өмүр бою кайталоого даярмын — гомосексуалдуулук кылмыш болуп эсептелбегенине карабастан.

Баса, ал оору да болуп эсептелбейт. Муну силерге кайсыл гана квалификациялуу дарыгер болбосун айтып берет (бирок эгер айтса ал жаңы мыйзамды бузган болот, мына ушундай).

Ошондой эле мыйзам долбоорунун тексти толугу менен Адам укуктарынын декларациясынын 7-беренесине каршы келет. Анда мындай деп жазылган:

«Мыйзам алдында бардык адамдар тең укуктуу жана кандай гана айырмачылыктарына карабастан мыйзамдын бирдей коргоосуна укуктуу. Бардык адамдар ушул Декларацияны буза турган кандай гана басмырлоо болбосун бирдей коргоолуу укугуна ээ».

Менин оюмча, мыйзам долбоорунун туюндурмаларынын өзү ЛГБТ-коомчулугун басмырлоого шыкактап жатат.

Акыры, мыйзам долбоорунда дагы мына мындай жапайычылык бар — ага ылайык, «Тынч чогулуштарды өткөрүү тууралуу» мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилет. Тынч чогулуштарда тыюу салынган нерселердин тизмесине «салттуу эмес сексуалдык мамилелерди пропагандалоо» пунктун киргизүү сунушталууда.

Бул адамдарга тынч чогулуштарды өткөрүүнү кепилдеген Адам укуктарынын жалпы декларациясынын 20-беренесине каршы келет. А ЛГБТ укуктары үчүн митингдин өзү тынч болуп эсептелет, анткени гомосексуалдуулук кылмыш болуп эсептелбейт.

Ошондой эле мыйзам долбоору бизге өз оюн билдирүү, маалымат таратуу, басмырлоодон коргоонуу жана тынч чогулуштарды өткөрүү эркиндиктерин кепилдеген Кыргызстандын Конституциясына да каршы келет.

Ориентацияны пропагандалоо мүмкүн эмес 

Депутаттар мыйзам долбоорунун текстинде, ошондой эле парламентте сүйлөгөндө да «пропаганда» сөзүн көп колдонушат.

Келгиле «пропаганда» дегендин эмне экенин окуп көрөлү. Анткени бул термин Кыргыз Республикасынын бир дагы мыйзамында жазылган эмес. Ошондуктан биз мисалы, Ожеговдун сөздүгүнө кайрылсак болот:

«ПРОПАГАНДА — коомдо кандайдыр бир көз караштарды, идеяларды, билимдерди жана окутууларды таратуу жана аларды чечмелөө.

Кеп гомосексуалдуулуктун көз караш дагы, идея дагы, билим дагы, окутуу дагы болуп эсептелбегендигинде. Ал ориентация. Адам ошондой болуп жаралат. Мисалы, психиатрлар менен педиатрлар 1970-жылдары эле адамдар гомосексуалдуулук менен төрөлүшөт деген жыйынтыктарга келе башташкан(жеңилдик үчүн мына, ал тууралуу жазылган Педиатрлардын америкалык ассоциациясынын макаласына шилтеме).

Бүгүнкү күндө илим дүйнөсүндө ушундай көз караш басымдуулук кылат.

Мен башка адамга ориентацияны кантип өткөрүп берүүгө мүмкүн экенин жана адамдын ориентациясынын өзгөрүшү үчүн ага кандай таасир этүү керектигин элестете албайм.

Депутаттар өз мыйзам долбоорлорунда эмне деп жазышпасын негизи гомосексуалдуулукту пропагандалоого мүмкүн эмес.

Эмнеге бул мыйзам долбоорундагы жоболорду бузуу керек? 

Эгер силер Кыргызстандын жарандарынын бирдей укуктары жана өлкөбүздөгү сөз эркиндиги үчүн күрөшүүнү кааласаңар, анда мен силерди мага кошулуп, бул мыйзам долбоору өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштаган кылмыш жана административдик жоопкерчилик тууралуу мыйзамдардын беренелерин бузууга чакырам 

Биздин үстүбүздөн өтө турган сот процесстери кызык болот, анткени иштеп жаткан кодекстерге киргизилчү өзгөртүүлөр андан жогору турган ошол эле Конституцияга же Адам укуктарынын жалпы декларациясына каршы келет

Эгер бизде мыкты юристтер болсо, анда бизге карата кандайдыр бир айып пул төлөтүү же эркинен ажыратуу өкүмдөрүн чыгаруу дээрлик мүмкүн болбойт.

Ооба, күрөшүү бул кыйын. Бирок сабатсыз депутаттардын өлкөдө укуктук башаламандыкты орнотуусун каалабасак, анда биз күрөшүшүбүз керек. 

Анткени бүгүн депутаттар гейлер менен лесбияндардын укуктарына гана кол салышпай эле. Алар силер менен биздин (силердин гейлер менен лесбияндар тууралуу кандай ойдо экендигиңерге карабастансөз эркиндигибизге, өз пикирибизди эркин билдирүү укугубузга кол салып жатышат.

Депутаттар биздин Конституциябызга кол салып жатышат жана өлкөнү бул агрессиядан кимдир-бирөө коргошу керек