Үч күнгө созулган көчмө сүрөт көргөзмөсүнө 100дүн тегерегинде эмгек коюлган. Мунун өзгөчөлүктөрүнүн бири — сүрөттөрдүн баары эле боёк менен тартылган эмес.

Bishkek_Korgozm (3)

Бишкектеги “Вефа” соода борборунда 22-январдан 24үнө чейин Жаш сүрөтчүлөр бирикмесинин мүчөлөрүнүн эмгектеринин көргөзмөсү ачылды.

Bishkek_Korgozmo (5)

Буга чейин ушул эле көргөзмө “Бишкек парк” соода борборунда январь айынын башында коюлган болчу.

Bishkek_Korgozmo (4)

Өзгөчөлүктөрүнүн бири — бул сайма менен түшүрүлгөн портреттер. Белгилүү саясатчылар, коомдук ишмерлер, спортчулар, эстрада жылдыздары сайма менен түшүрүлгөн 15 портрет бар.

Bishkek_Korgozm (2)

Көргөзмө кайсы бир темага багытталган эмес жана ар кайсы жанрдагы эмгектерди көрүүгө болот.

Bishkek_Korgozmo (3)

Жаш сүрөтчүлөр бирикмесинин төрагасы Замир Илипов көчмө сүрөт көргөзмөсү соода борборунда өткөрүлүп жаткандыгын элдин мындай жайларга көп келе тургандыгы менен түшүндүрдү.

Bishkek_Korgozm (1)

“Эл музейге көп барбай калды. Ага караганда соода борборлоруна элдин келип жүргөнү байкалат. Жакшы максаттарыбыз ишке ашып кетет деп ойлойбуз”, — деп билдирди Илипов.

Bishkek_Korgozmo (1)

Илиповдун кошумчалашынча, бул сатыкка коюлган сүрөт көргөзмөсү болгондуктан ар ким өзүнө жаккан сүрөттү сатып алса болот.

Bishkek_Korgoz

Авторлор: Майрамкүл Жанарбек кызы жана Даниил Рустам уулу