Парламенттик «Республика — Ата Журт» фракциясынын мүчөлөрү оң рулдуу унаалар менен жүргүнчү ташуусун улантып, мыйзамсыз иштеп жаткан такси айдоочуларын аныктоодогу көйгөйлөрдөн улам оң рулдуу унааларды коммерциялык максаттарда пайдаланууга тыюу салуу мөөнөтүн 2020-жылга чейин жылдырууну сунуштап жатышат.

Фракция лидери Өмүрбек Бабанов тыюу салуу мөөнөтүн 2020-жылга чейин жылдыруу зарылдыгы тууралуу билдирди.

«Ага чейин унаалардын өзүлөрү эскирип, акырындык менен пайдалануудан чыгып калат», — деп жазды парламенттин басма сөз кызматы анын айткандарын.

Бабанов ошондой эле оң рулдуу унааларды пайдаланган айрым такси айдоочулары үчүн киши ташуу жалгыз киреше булагы болуп саналарын, аны менен катар алар салык төлөө менен мамлекеттик бюджетти толтуруп жаткандыктарын кошумчалады.

«Мына, мен үй-бүлөмдү ушул унаа менен багып жатам, аялым иштебейт. Эми эмне кылышты билбей башым катууда», — деди оң рулдуу унаа пайдаланган такси айдоочусу Виталий.

Депутаттардын пикирлеринде, бул мыйзамдын күчүнө кириши оң рулдуу автоунаа пайдаланган такси айдоочуларынын мыйзамсыз иштеп башташына түрткү болот.

«Жүргүнчү ташуу маалында өз унаасындагы шашкаларын алып кое турган жеке-такси айдоочуларынын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөй турган натыйжалуу механизмдер жок», — деп жазды «Тазабек» сайты партия мүчөлөрүнүн айткандарын.

Оң рулдуу автоунаалардын айдоочулары мыйзамдын күчүнө киргенине карабастан өз ишмердүүлүктөрүн уланта бере тургандыктарын билдиришүүдө.

«Мага баары бир, мен мурда кандай киши ташысам ошондой эле ташый берем, же аянтка [митинг уюштуруп] баруу керек», — деди аты-жөнүң айткысы келбеген жеке такси айдоочусу.

Кыргызстанда шашкаларды пайдаланбаган мыйзамсыз такси айдоочуларын аныктоо менен айрым учурларда Салык кызматы алектенет. Мекеменин басма сөз катчысы Эркин Сазыков билдиргендей, кызматтын инспекторлору шашкасы жок таксиге отуруп, белгилүү бир суммадагы акчага жеткирип коюуларын өтүнүп аларды текшерип көрүшөт.

«Муну менен райондук салык кызматкерлери алектенишет, бирок андай текшерүүлөрдү күн сайын өткөрүүгө бизде кызматкерлер жетишпейт», — деди ал.

Сазыков акыркы жыл ичинде мындай жол менен мыйзамсыз иштеген канча такси аныкталгандыгын так айтып бере алган жок.

Жол кайгуул кызматынын басма сөз катчысы Тилек Оторов мекеме мыйзамсыз иштеп жаткан такси айдоочуларын аныктоо менен алектенбестигин, бирок бул оң рулдуу автоунааларды коммерциялык максаттарда пайдаланууга тыюу салуу мөөнөтүн жылдыруунун себеби болбошу керектигин билдирди

«Мыйзам кабыл алынгандан кийин ал иштеши керек», — деп эсептейт Оторов.

Оң рулдуу автоунааларда жүргүнчүлөр менен жүктөрдү ташуу үчүн коммерциялык максатта пайдаланууга тыюу салуу тууралуу мыйзам 2015-жылдын жайында кабыл алынган, бирок быйылкы жылдын январында гана күчүнө кирди. 2015-жылдын мартында Кыргызстанда оң рулдуу унааларды алып кирүүгө тыюу салынган.

Бирок такси айдоочулары оң рулдуу унаалар менен жүргүнчү ташуусун токтотушкан жок, анткени ал мыйзамды бузуу үчүн азырынча эч кандай жоопкерчилик каралган эмес.

Мыйзам анын зарылдыгын оң рулдуу унаалардын катышуусундагы жол кырсыктарынын көп болуп жаткандыгы менен түшүндүргөн Ички иштер министрлиги тарабынан демилгеленген.

Видео: Владимир Цай