Президент Алмазбек Атамбаев Камбар-Ата-1 ГЭСи менен Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерди куруу тууралуу Орусия менен түзүлгөн келишимди денонсациялоо жөнүндөгү мыйзамдарга кол койду.
Тышкы иштер министрлигине келишимдин денонсациялангандыгы тууралуу Орусиянын өкмөтүнө билдирүү тапшырылды. Мыйзамдар 5-февралда — расмий жарыялангандан 15 күндөн кийин күчүнө кирет. Келишим болсо Орусия тарапка кабарлангандан алты айдан кийин өз аракетин жоготот.
Эки мыйзам тең ушул жылдын 20-январында Жогорку Кеңеш тарабынан дароо үч окууда кабыл алынган.
Буга чейин экономика министринин орун басары Айбек Калиев келишимдер денонсациялангандан кийин анын мекемеси дароо жаңы инвесторлорду издеп баштай тургандыгын билдирген.
Ошол эле маалда парламентте Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСТердин курулушуна кеткен чыгымдарды текшерүү боюнча комиссия түзүлгөн.
Өкмөт келишимдерди денонсациялоо тууралуу мыйзам долбоорлорун Жогорку Кеңешке Алмазбек Атамбаевдин жыл жыйынтыгын чыгарган маалымат жыйынынан кийин киргизген. Анда өлкө башчысы Орусиянын башкы экспорттоочу продуктусу эсептелген мунай баасынын төмөндөшүнөн улам азыр орус экономикасы «жогорку эмес» экенин айткан.
«Бирок мен дагы реалистмин да, а билким бул долбоор жылбай туруп калат. Мен узакка созулган курулуштарды жактырбайм. Мени Владимир Путин түшүндү, ал дагы реалист жана экөөбүз абдан жакын мамиледебиз. Ал мунун баарын көрүп турат. […] Алар жакшы долбоорлор болушкан, бирок биз инвестордун алы жетпестигин көрүп турсак аны создуктуруп эмне кылабыз», — деп билдирген Атамбаев.
Кыргызстан менен Орусия «Камбар-Ата-1» жана Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтерди куруу тууралуу эки макулдашууга 2012-жылдын сентябрында кол коюшкан.
Каскаддагы ГЭСтердин курулушу менен алектенүү тапшырмасы орусиялык «Русгидро» мамлекеттик корпорациясына, а «Камбар-Ата-1» менен алектенүү «Интер РАО ЕЭС» компаниясына жүктөлгөн.
Нарын дарыясынын жогорку бөлүгүнө 4 ГЭСтин курулушу алгач 400 миллион АКШ долларына бааланып жаткан, бирок 2014-жылы анан баасы 700 млн. долларга чейин жогорулатылган.
«Камбар-Ата — 1ди» курууга «Интер РАО» 2 миллиард доллар чыгымдашы керек болчу. Бирок 2013-жылдын башында компания инвестициялык программаны кайрадан карап чыгуу тууралуу айтып, Кыргызстанда ГЭС куруудан баш тартуу вариантын караштырып баштаган.
2015-жылдын июлунда «Азаттык» радиосу «Камбар-Ата-1» долбоору инвестор алмаштырууга муктаж экенин, анткени каатчылыктан улам орус тарап курулуш баасын көтөрө албастыгын жазган.
Болжол менен ошол эле маалдарда Кыргызстандын вице-премьер-министри Валерий Диль «Русгидро» Жогорку Нарын каскадындагы ГЭСтердин «курулуш графигин бузганын» жана долбоорду «каржылоону токтоткондугун» айткан.
Бирок андан төрт күн өткөндөн кийин «Русгидронун» ошол кездеги башчысы Евгений Дод Атамбаев менен жолугуп, каскаддагы алгачкы эки объект 2016-жылдын аягына чейин курулуп бүткөрүлөрүн билдирген.