Он беш жаштагы кыргызстандык Эрмек Турдубеков «Жөргөмүш желеси» жана «Айтылбаган баян» аңгемелери үчүн Орусиянын «Сенин алгачкы китебин» адабий клубунун сынагында биринчи орун алды.

Адабий клубдун маалыматы боюнча, сынакка катышуу үчүн КМШ өлкөлөрүндөгү жаңыдан жазып баштаган жаш жазуучулардан 32 чыгарма келип түшкөн, алардын үчөөсү — «Жөргөмүш желеси», «Айтылбаган баян», «Амандын педалдары» — Эрмек Турдубековдун эмгектери болгон.

Калыстар тобунун мүчөлөрү орус фантастика жазуучусу Николай Степанов менен Адабий институттун доценти Анна Берсенева болушту. Бересенева Турдубековдун чыгармачылыгына жогорку баасын берди.

«Бул аңгемеде автордун жашоодогу кадимки кубулуштардан өзгөчө нерселерди таап, алар тууралуу реалисттик, ошол эле маалда стилистик парадоксалдуулук менен айтып берүү жөндөмдүүлүгү толук көрсөтүлгөн. Ошондуктан аны окуу кызыктуу», — деп жазган Берсенева «Жөргөмүш желеси» тууралуу.

«Чыгармадагы эң кызык нерсе – азыркы аң-сезимдеги адамды Экинчи дүйнөлүк согуш маалына алып баруу. Ал азыркы замандагы аң-сезимдин мындан жетимиш жыл мурдагы совет адамдарына таандык болгон аң-сезимден айырмасы тексттин бөтөнчөлүгүн түзүп, окууда кызыгуу жаратат», — деген пикирин билдирген калыстар тобунун мүчөсү «Айтылбаган баян» аңгемеси тууралуу.

Сынактын жеңүүчүсү «Блог для писателя. Готовим прорыв!» деген окутуудан өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болду. Анын жардамы менен Турдубеков жеке блогун түзүп, чыгармачылыгын Интернетте жайылтуу тажрыйбасына ээ болот.

Эрмек Турдубеков 15 жашта, Бишкектеги №64 мектеп-гимназиясынын тогузунчу классында окуйт. Ал Kloop.kgнин кабарчысы менен болгон маегинде сынак тууралуу интернеттен окуп, эмгектерин жөнөтүп көрүү чечимине келгенин билдирди.

Турдубековдун айтымында, ал мектепке бара элек курагында эле жазып баштаган.

«Мектепке бара элек курагымда эле жомок, ыр жазгам. 13 жашыман бери чыгармачылыкка олуттуу мамиле кылып, чындап жазып баштадым», — деди ал.

№64 мектептин окуу бөлүм башчысы Толгонай Кармышева Эрмек үчкө окуй турганын, бирок баяндамаларды жакшы жазарын айтты.

«Ал мектепте өзүн анчалык көрсөтпөйт, үчкө окуйт, бирок гуманитардык жактан алганда анда баары жакшы. Мектеп анын жөндөмдүүлүктөрүн билчү. Ал сынакка өзү катышкан. Биз — мугалимдер — анын адабий сынакта жеңишке жеткенин билген эмеспиз», — деди Кармышева

Анын айтымында, Эрмек жакшы гана жазбастан «Ак-Шоола» балдар хорунда да ырдайт.

Турдубековдун эмгектерин шилтеме аркылуу өтүп окусаңыздар болот

Автор: Айдана Канатбек