Кыргызстандыктар Whatsapp мессенджери аркылуу Бишкектеги ооруканалардын дарыгерлери өлкөдө чочко тумоосунан каза болгон 39 учур катталгандыгы тууралуу айтып жатышат делинген үн жазылган билдирүүлөрдү алып жатышат. Саламаттыкты сактоо министрлигиндегилер ал маалыматтарды четке кагышууда.

Билдирүүдө өзүнүн аты-жөнүн айтпаган белгисиз аял дарыгерлер чочко тумоосунан каза болгон учурлар тууралуу маалыматтарды жашырып жаткандыктарын айтат.

«Тез жардам кызматынын 40 орунга ылайыкташкан терапевт бөлүмүндө азыр 73 киши жаткырылган. Акыркы үч апта ичинде бул маалымат эч жакка чыкпайт, бирок бул маалымат чын, чочко тумоосунан 39 киши өлгөн учур бар», — дейт ал билдирүүдө белгисиз аял.

Ошондой эле ал аял «төрт суткадан бери ооруканада жаткан кесиптеши дагы» өлүмгө жакын экенин белгилеген.

«Тумоо катаал болууда, бардык дарыгерлер айгай салып жатышат. Тамашалаган жокмун!» — деп уланткан даарыгер делген ал аял.

Андан ары аял оорунун алдын алуу үчүн балдарга «Амиксин» менен «Генферонду», а чоңдорго «Цитовирди» [вирустарга каршы дарылар, — редакциянын түшүндүрмөсү] берүү кеңешин айтып, «майрам күндөрү ооруканада сегиз киши каза болгон» кошумчалаган.

Биринчи үн жазылган билдирүүнүн артынан экинчисин жөнөтүшүүдө, анда башка аялдын үнү таанышынын төрт жаштагы баласы каза болгонун айтат.

Ал ооруканада тумоодон каза болгондорду башка оорудан каза болгон деп жаздырууга мажбулап жатканын кошумчалайт.

«Мунун кимге пайдалуу экенин билбейм. Кечээ жаңылыктардан Украинада тумоодон каза болгондор көп экенин айтышты, а бизде [Кыргызстанда] тумоо жок сыяктуу», — дейт ал.

Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришкендей, Кыргызстанда куш тумоосу дагы, чочко тумоосу дагы жок.

Министрликтин Жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева дагы «жалган тумоо» тууралуу маалыматтарды четке какты.

«Бүгүнкү күндө чочко тумоосу же H1N1ден каза болгон учурлар [Кыргызстанда] каттала элек», — деди ал.

Адис бир апта мурда сасык тумоо менен ооруган бишкектиктердин саны эпидемиологиялык чектен ашып кеткендигин, бирок азыр абал турукташып, ооруканага жаткырылган бейтаптардын саны азайганын белгиледи.

«Эгер [2016-жылдын] үчүнчү аптасында Бишкек шаарында 254 киши ооруканага жаткырылган болсо, бүгүнкү күндө болгону 64 киши жатат», — деп кошумчалады Оторбаева.

Кыргызстанда чочко тумоосу алгач 2009-жылы катталган. Жуктургандардын көбү өлкөгө Орусиядан келишкен. Чочко тумоосу ошондой эле Канада, Бириккен Араб эмираттары, Казакстан жана Тажикстандан да келген — бул өлкөлөрдүн ар биринен бирден тумоо жуктурган киши келген.

2009-жылдын 9 айында «тумоо» жана «Курч респиратордук вирустук жугуштуу оору» диагнозу менен 94 миңден ашык киши медициналык жардам сурап кайрылган.

Автор: Сезим Каныбекова