23-январда Баткен облусунда үч автоунаанын катышуусунда жол кырсыгы катталган. ӨКМдин маалыматы боюнча, 18 киши жаракат алып, үчөөсү каза болгон. Жаракат алгандардын көбүнүн абалы «салыштырмалуу туруктуу» деп бааланууда.

Жүк унаасы, «Mercedes Sprinter» кичи автобусу жана дагы бир жеңил унаанын катышуусундагы жол кырсыгынан улам үч киши каза болуп, дагы 18 киши жаракат алган (алардын экөөсү кичинекей балдар).

«Кырсык Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 124-чакырымында болгон. Ага үч автоунаа катышып, үч киши каза болгон»,— деди Kloop.kgге Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын өкүлү Эльмира Шерипова.

Анын айтымында, учурда жаракат алгандар Кадамжай районундагы аймактык ооруканада.

Кырсыктан жеңил унаанын айдоочусу, жүргүнчүсү жана жүк унаасынын айдоочусу каза болушкан.

Кадамжай райондук ооруканасынын дарылоо бөлүмүнүн башкы дарыгери Абдулла Эргешов Kloop.kgге курган маегинде жаракат алгандардын үчөөсү реанимация бөлүмүндө оор абалда жаткандыктарын айтты.

«Алардын бешөөсү травмотологиялык бөлүмдө, алар орто-оор абалда»,— деди ал.

Эргешовдун айтымында, жаракат алгандардын калгандары амбулатордук дарылануудан өтүп жатышат, алардын абалдары «салыштырмалуу канааттандыраарлык».

Кырсык болгон жерде беш куткаруучу, бир өрт өчүрүү унаасы, ошондой эле беш медицина кызматкери менен үч энергетик иштеген.

Бул өлкө аймагындагы курмандыктары бар ири жол кырсыктарынын алгачкысы эмес. Өткөн жылдын сентябрында Өзгөн-Кара-Кулжа унаа жолунда «Мерседес» менен «Хонда» унааларынын катышуусунда кырсык болгон. Анда ал кырсыктан алты киши каза болгон болчу.

ӨКМдин маалыматы боюнча, анда унаалардын биринин айдоочусу каршы тилкеге чыгып кетип, башка унаа менен кагылышкан.

2015-жылдын августунда Кыргызстандын түндүгүндө «Honda Odyssey» жана «Lexus 470» үлгүсүндөгү унаалар кагылышып, жети киши каза болгон.

Кырсык Бишкек-Торугарт унаа жолунун 43-чакырымында болгон.