Автоунаа ээлери автожарандык жоопкерчиликтеринин камсыздандырылбагандыгы үчүн 2018-жылга чейин айып төлөшпөйт, турак жайды камсыздандыруу милдеттүү болбойт, бирок анысы жок өкмөт бузулган имарат үчүн компенсация төлөп бербейт, деп билдирди вице-премьер Олег Панкратов.

Кыргызстандын вице-премьер-министри Олег Панкратов 25-январда автоунаа ээлери автожарандык жоопкерчиликтеринин камсыздандырылбагандыгы үчүн 2018-жылга чейин айып төлөбөй тургандыктарын билдирди.

«Жол кайгуул кызматы тарабынан быйыл дагы, эмдиги жылы дагы [автоунаа ээлерине] эч кандай талаптар болбойт», — деди Панкратов.

Мамлекеттик каржы көзөмөл кызматынын төрагасы Санжар Муканбетов автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү камсыздандыруу үчүн базалык тариф 3256 сомду түзө тургандыгын билдирди — бул сумма унаанын үлгүсүнө, чыккан жылына, кыймылдаткычынын көлөмүнө жана ээлеринин санына жараша өзгөрөт.

«Маселен, 2002-жылы чыккан, кубаттуулугу 100 аттын күчүн түзгөн «Хонда Фит». Эгер камсыздандыруу полисинде үй-бүлө мүчөлөрүнөн төрт адам көрсөтүлсө, анда [ал унааны камсыздандыруу] жылына 2200 сом болот», — деп түшүндүрдү ал.

Муканбетовдун айтымында, автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздандыруу Орусияга салыштырмалуу Кыргызстанда болжол менен эки эсеге арзан болот.

Буга чейин ал автожарандык жоопкерчиликтерди камсыздандыруу менен 8-10 компания алектене тургандыгын билдирген.

Имараттар менен мекемелерди камсыздандыруу тескерисинче мамлекеттин артыкчылыктуу укугу болот. Панкратов билдиргендей, турак жайларды камсыздандыруу үчүн мамлекеттик камсыздандыруу компаниясы түзүлгөн.

«Имарат же мекеменин камсыздандырылбагандыгы үчүн мыйзам тарабынан эч кандай жоопкерчилик киргизилбейт», — деп белгиледи вице-премьер.

Бирок анын айтымында, мамлекет мындан ары жаратылыш кырсыктарынан улам зыянга учураган камсыздандырылбаган турак жайларга компенсация төлөп бербейт.

Камсыздандырылган турак жай үчүн берилчү компенсациянын көлөмү 500 миң сомдон (айыл жергесинде) бир миллион сомго чейинки (шаарларда) сумманы түзөт.

Андай камсыздандыруунун баасы да эки эсе көп болот — айылдыктар камсыздандыруу үчүн айына 50 сом, а шаардыктар 100 сом төлөшү керек болот.

Автожарандык жоопкерчиликти жана турак жайды милдеттүү камсыздандыруу

Автожарандык жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздандыруу — жарандык-укуктук жоопкерчиликти милдеттүү түрдө камсыздандыруу. Ал унаа кырсыгы болгон маалда жабырлануучунун алган жаракаттары үчүн төлөмдөрдү, ал эми каза болгондордун туугандарынын компенсация ала алуулары үчүн керек. Камсыздандыруу ошондой эле жабырлануучулардын мүлкүнө келтирилген зыяндын ордун толтуруу чыгымдарын да жабат.

Кыргызстанда автожарандык жоопкерчиликтерди милдеттүү түрдө камсыздандырууну киргизүү тууралуу мыйзам 7-февралда күчүнө кириши керек. Бирок өткөн аптада парламенттик «Ата-Мекен» фракциясы аны киргизүү мөөнөтүн 2020-жылга чейин жылдырууну сунуштаган.

«Ата-Мекендин» депутаты Наталья Никитенконун пикриинде, азыр Кыргызстандын жарандары автожарандык жоопкерчиликтерди милдеттүү түрдө камсыздандырууну киргизүүгө «даяр эмес».

Ал камсыздандырууну киргизүү мөөнөтүн жылдырууну сунуштоо менен Кыргызстанда «абал оор экенин», а кыргызстандыктарга «кыйла чоң жүк артылып жатканын» айткан.

«Дал ушундай оор мезгилде [өкмөт] камсыздандыруу төлөмдөрү түрүндөгү жүктү артып жатат, азыр өкмөт менен камсыздандыруу компанияларынын ортосундагы өз ара аракеттешүү механизмдери иштелип чыга элек. Бул калкта нааразычылык менен күмөн саноолорду жаратып жатат», — деген ал.

Турак жайды милдеттүү түрдө камсыздандыруу тууралуу мыйзам Мамлекеттик каржы көзөмөл кызматынын демилгеси менен Жогорку Кеңеш тарабынан 2015-жылдын жайында кабыл алынган.

Анда камсыздандыруу төлөмдөрүнүн болжолдуу суммасы кыйла жогору болгон: айыл жергесиндеги турак жай үчүн жылына 2000 сомдон ашык жана шаардагы турак жай үчүн жылына 3,5 миң сом.

Видео: Азат Рузиев, Владимир Цай