Курсант сабалгандан кийин Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин аскер бөлүгүнүн эки офицери жана рота командири кызматтарынан бошотулушту.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Жеке коопсуздук башкармалыгы курсанттын сабалышы боюнча ишти тергеп бүтүп, юридикалык баа бериши үчүн материалдарды прокуратурага жөнөттү.

«[…] [тергөөнүн] жыйынтыктары боюнча аскер бөлүгүнүн командири, анын тарбия иштери боюнча орун басары жана рота командири, капитан Н.А. ээлеген кызматтарынан бошотулушту», — деп жазылган УКМКнын билдирүүсүндө.

Аскер бөлүгүнүн курсанты Мамарасул Абытбек уулу 21-январга караган түнү токмоктолгон — бул тууралуу Республикалык жоокерлердин энелери уюмунан билдиришип, сабалган жоокердин сүрөттөрүн жарыялашкан.

Ал сүрөттөрдө курсанттын бетиндеги жана денесиндеги көгөргөн жана сыйрылган жерлери көрүнүп турат.

12633487_1004942166240156_479301349547148778_o1-225x400

12646668_1004942216240151_1365739860832930139_o-225x400

12640241_1004942192906820_9169080552012863665_o-225x400

«Бул жоокерди офицерлер токмоктогон алгачкы учур эмес. Мындай агрессор-командирлерди жетекчиликтин жаап-жашырып жатканы өкүнүчтүү», — деп жазылган комитет билдирүүсүндө.

Бүгүнкүгө Коргоо кеңеши, УКМК, жабыркаган жоокердин ата-энеси жана Жоокерлердин энелеринин комитетинин өкүлдөрүнүн катышуусунда жолугушуу белгиленген.

Кыргыз армиясы менен аскердик окуу жайларында «дедовщина» учурлары сейрек көрүнүш эмес. Интернетте улуу жоокерлер менен офицерлер курамынын милдеттүү негизде кызмат өтөп жаткан жоокерлерге карата кордуктоо мамилелери тартылган видеолор чыгып турат.

2011-жылы Кыргыз улуттук аскер лицейинин офицери Максат Чыңгызов Нурдөөлөт Абдыразак уулун сабаган, кийин ал кант диабетинен каза болгон. Айыпталуучу болсо Аскер соту тарабынан акталып чыккан.

2013-жылдын февралында президент Алмазбек Атамбаевдин «Ала-Арча-1» резиденциясын кайтарган 39 жоокер кызмат өтөп жаткан жеринен качып кетишкен. Алардын ата-энелери балдардын офицерлер тарабынан жасалган кордоо мамилелеринен улам качып кеткендиктерин билдиришкен.